Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ысык-Көлдө чек арачы беш адамды атып салды


Кыргыз чек арачысы. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Кыргыз чек арачысы. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде бир жоокер беш адамды атып, качып кетти.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, анда чек ара бекеттин башчысы, үч чек арачы жана бир аскер кызматкеринин аялы каза тапты. Мындай маалыматты УКМК алдындагы чек ара кызматынан да тастыкташты. Ок чыгарган чек арачы бекеттин башчысынын унаасын айдап, из жашырып кеткен. Учурда кылмышка шектүүнү издөө, окуяны иликтөө иштери башталып, облустагы күч органдары күчөтүлгөн тартипке өттү.

УКМКнын алдындагы чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, окуя бүгүн түшкө чейин болгон. Анда Караколдон болжол менен 150 чакырымдай алыс жайгашкан Эчкили-Таш чек ара бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн жоокер өз кызматташтарын жана бир чек арачынын жубайын атып салган:

- Бүгүн, 20-августта Ысык-Көл чек ара отрядына караштуу Эчкили-Таш чек ара бекетинде аскер келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 чек арачыны жана бир чек арачынын жубайын атып салган. Андан соң куралы менен белгисиз жакка из жашырган. Учурда качып кеткен жоокерди кармоо боюнча атайын операция башталып, окуя болгон жерге чек ара аскерлигинин башкы штабынын төрага орун басары Рыскелди Мусаев баш болгон офицерлер тобу жөнөтүлдү.

Бөрүбаеванын айтымында, кылмыштын эмнеден улам келип чыкканы, кандай жагдайда болгону белгисиз. Бул кылмышка шектелген жана каза болгон жарандардын аты-жөнү аныкталды. Бирок азырынча коомчулукка жарыялана элек.

Окуя боюнча чек ара кызматынын башкы штабы шашылыш чогулуш өткөрүп, абалды талкуулады.

Ошол эле учурда кылмышка шектелген чек арачы дагы бир аскер кызматкеринин аялын курал-жарактар сакталган кампага камап койгону айтылууда. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бекетте ок чыгарган жоокерден качкан үч чек арачы ушундай көрсөтмө берип жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Үч жоокерди Сары-Жаздагы чабандар корголоп, телефон байланышы бар жерге алып келип, окуя тууралуу жетекчилерге маалымдаганга жардам берген.

Беш адамды атып салып качып кеткен жоокерди издөөгө байланыштуу аталган аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сталбек Усубакунов билдиргендей, милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, Ак-Суудан башка да бардык райондордо, шаарларда жолдордо тосмо бекеттер коюлду:

- Бизде бардык операция башталды. Кылмышка шектүү белгисиз тарапка качып кетип жатат да. Ошондуктан ал барышы мүмкүн делген бардык аймактарга блок посттор коюлду.

Буга чейин Кыргызстанда аскерлер көп сандагы кызматташтарына ок чыгарган окуя каттала элек болчу. Бирок аскерлер арасында күч колдонуп, ыдык көрсөтүү, бири-бирине кол көтөргөн тартипсиздиктер байма-бай болуп келет.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов мындай окуя чыгышын армиядагы тартиптин жоктугу, даярдык начардыгы менен байланыштырат:

- Эми мунун келип чыгышы боюнча көп версияларды айтса болот. Бирок башкы себеби катары армиядагы уставдык эмес мамиле, тартипсиздик мына ушундай трагедияга себеп болду деп ойлоймун. Бул жаатта аскерге барчу уландар менен иштөө, алардын психологиялык, тарбиялык даярдыгын жакшыртуу аксап жатат. Чек ара аскерлеринде эле эмес, бүткүл куралдуу күчтөрдө ушундай болуп жатканын байкап жатам.

Ысык-Көлдөгү окуя май айындагы коңшу Казакстандын Кытай менен чек арасындагы “Арканкерген” бекетинен 14 аскер менен токой корукчусунун өлүмүн эске салууда. Анда 19 жаштагы аскер Владислав Челах кызматташтарын өлтүрдү деп шектелип, камакка алынган эле. Бирок бул сырдуу кыргындын айланасында да көп белгисиз жагдайлардын бети эмгиче ачыла элек.

P.S. Чек арачы айдай качкан унаа ушул эле күнү кечке жуук табылганын "Азаттыкка" Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Жудеев билдирди. Анын айтымында, унаа чек ара бекетинен анча алыс эмес жерден табылган. Ок чыгарды деп шектелип жаткан жоокер аталган райондун Ичке-Булуң айылынын тургуну экен.

21-августта түшкө жуук Чек ара кызматы өлтүрүлгөн төрт аскердин жана алардын биринин жубайынын сөөгү Караколго алынып келгенин кабарлады. Тиешелүү экспертиза аяктагандан кийин алардын жасаты жакындарына берилет.

Чек ара кызматы набыт болгондордун аты-жөнүн да жарыялады. Алар: Эчкили-Таш чек ара бекетинин башчысы, прапорщик Мирлан Маликов, сержант Бакыт Кадыров, ага сержант Саадатбек Токтосунов, сержант Ырысбек Калманбетов жана Бакыт Кадыровдун жубайы Нуриза Шерикбаева.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон кечээки окуя боюнча кылмыш ишти Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы козгоп, тергей баштады.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иш Кыргызстандын кылмыш кодекесинин адам өлтүрүү, унаа тартып алуу, курал уурдоо жана аскерден качып кетүү деген төрт беренеси боюнча козголду.

Төрт чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген аскер Кулбарак уулу Балбайды колго түшүрүү боюнча атайын операция бүгүн таңга жуук аяктады. Кулбарак уулу Балбай Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кулбарак уулу Балбай 1993-жылы туулган. Аскерге былтыр күзүндө чакырылган экен.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG