Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Кыргыз-казак чек арасына биргелешкен бажы көзөмөлү киргизилди


Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай көзөмөл Кыргызстандан Казакстанга ташылып жаткан товарларды, жеке автоунааларды текшерүүнү жеңилдетет. Чек арадагы узун кезекти болтурбоо үчүн эки өлкөнүн бажы кызматынын өкүлдөрү товарларды категорияларына карап бөлүштүрөт. Өз керектөөсү үчүн товар алгандар менен туристтер чек арадан кезек күтпөй эле өтө алышат. Ушундай эле жол менен автоунаалар текшерилет. Кыргыз-казак чек арасында биргелешкен көзөмөл алты өткөрмө бекетте жүргүзүлөт.

Орусия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдиги өткөн жылы ишке кирген, ага кошулбаган коңшулар үчүн катаал чек ара эрежелери сакталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG