Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Билеги күчтүүлөрдүн бийлиги бүтө элекпи?


Бажы кызматынын башкы имараты
Бажы кызматынын башкы имараты

Ошто “Транс-Ордо” автожүк ташуучулар бирлигинин теңтөрагасы Мырзамат Чынгараевге кол салуунун бети ачылууда.

Жабырлануучу окуяга Ош бажыканасынын жетекчилигин айыптап, тармактагы ашынган коррупцияны казып чыккандыгы үчүн каршылашкан тараптын тапшырмасы менен таяк жегендигин белгиледи. Тергөө органдары кылмышты уюштургандар кармалып, ага буюртма бергендердин изине түшүп калышкандыгын билдиришүүдө. Бажы кызматынын маалымат кызматы жабырлануучунун койгон дооматтарын четке кагып, ички кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө бажы кызматкерлеринин айыбы далилденбегендигин жүйөө келтирди.


Чындык издеген Чынгараевди “чыңыртышты”

Ушул жылы 5-июлда Мырзамат Чынгараевди Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында белгисиз бирөөлөр ур-токмокко алышкан. Автожүк ташуучулар бирлигинин теңтөрагасы оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан дарыланып чыккан Чынгараев азыркы учурда кол салууну уюштургандар тарабынан өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч бар экендигин айтып, коопсуздугун камсыз кылууну суранууда. Чынгараев буга чейин Ош бажыканасынын жетекчиси Раим Матраимов жана “Эркеч-Там” бажы көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зафар Айдаровдун кыңыр иштери боюнча жогору турган бийлик органдарына даттанып келген.

Мырзамат Чынгараев “Эркеч-Там” бажысындагы көмүскө иштерди айтып чыккандыгы үчүн ал окуяга чейин эле Матраимовдон жана Айдаровдон эскертүү алгандыгын айтып, аны токмоктоону уюштурууга алардын катышы бар деп эсептейт:

- Алгач Зафар Айдаров тууралуу арыз жазгамын. Анда ал жигиттин билеги жоондук кылып жаткандыгы тууралуу билдиргемин. Анткени ал мына ошол учурда мен отурган мекемеге келип “тийишпей жөн жүр” деп коркуткан. Анан эле алгач төрт машине биз жүктөй турган жүктү тартып алды. Андан соң жоон билектердин күчү менен он машине жүктү тартып алды. Анан бизге таандык жүктү тартып кетип, бизге жумуш калтырбай жаткандыгы боюнча Ош бажыканасынын жетекчиси Раим Матраимовго кирип айтсам, ал мага жыйынтыктуу жооп берген жок. Анан ал экөөнүн иши бир экендигин байкап, силерди текшертет окшойм десем ал мага “эмне, сен мага согуш жарыяладыңбы, биз менен согушам десең огуң түгөнүп калат” деп какшыктады. Ушул эми жетекчинин айта турган сөзүбү. Мен булардын кылмыштуу байланыштары боюнча фактыларды чогултуп жүргөндө минтип мени белгисиз бирөөлөр катуу токмоктоп кетти.

Мырзамат Чынгараев мындан сырткары Ош бажыканасынын Нышан Ажымаматов жана Шерабидин Марипов сыяктуу кызматкерлери тарабынан дагы коркутуп-үркүтүүлөр болгондугун айтып, ага бир нерсе болсо ысымдары аталган бажыкана башчыларынын жооптуу болоорун мамлекет башчысынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине дарегине жазган кайрылуусунда белгиледи.

Аткаруучулар кармалды, артындагылардан дайын жок

Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок иштин татаалдыгынан улам ал Ош облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кылмышты аткарууга төрт адам шектелип, анын экөө бир нече күндөн кийин кармалган. Тергөөдө кармалгандардын бирөөсүнүн кылмышты уюштургандыгы аныкталган.

Бул ишти караган ага тергөөчү Замирбек Ырысмаматов учурда мына ошол уюштуруучуга тапшырма бергендер боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи:

- Тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышты аткаргандардын бардыгы кармалды. Азыркы учурда мына ушуга буйрук бергендердин үстүнөн аларды кармаш үчүн иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат. Азыр колго түшкөндөрдүн бирөөсү мына ушул окуяны уюштуруучу катары белгилүү болду. Ошол аркылуу ага тапшырма бергендерди аныктоо жана анын себептери боюнча маселени тактап жатабыз. Тергөөдө тиешелүү далилдер менен бышыкталгандан кийин, алардын да айыбын угузуп, ишти сотко өткөрөбүз.

Алгач аталган кылмыш иши кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси – денеге залал келтирүү аркылуу тоноо белгилери боюнча козголгон. Кийин тиешелүү көрсөтмөлөр жана далилдер аныкталган соң тергөөчү аталган берене 168-беренеге ооштурулуп, атайын тапшырма менен денеге оор залал келтирип, карактоо белгилери боюнча кылмыш иши козголо тургандыгын белгиледи.

Күмөндөлгөн “көзүрлөр” кимдер?

Жабырлануучу Чынгараев ага кол салууга тапшырма берген деп күмөн санагандардын бири Ош бажыканасынын башчысы Раим Матраимов эмгек өргүүсүндө чет өлкөдө болгондуктан андан бул окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын иниси Тилек Матраимов “Республика” партиясынан Кара-Суу районунун акимдигине көрсөтүлүп, былтыркы шайлоодо утуп чыккан. Раим Матримовдун экинчи бир тууганы Искендер Матраимов көп жылдан бери аймактык деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орунда иштеп келе жатат.

"Эркеч-Там" бажы көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зафар Айдаров болсо, кызматтык сапарда жүргөндүктөн аны өзү менен да байланыша алган жокпуз. Зафар Айдаров 1995-2000-жылдар аралыгында эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдештерге катышып, бир нече жолу чемпиондук титулду багындырганы менен коомчулукка белгилүү. Ал дагы Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын тургуну. Жердиги боюнча ички иштер министрининин орун басары Курсан Асановдун айылдашы экендиги белгилүү. Зафар Айдаров буга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.

Бажы кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Абдылда Малдыбаевдин айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө ысымдары аталган бажы кызматкерлеринин окуяга катышы бардыгы далилденген эмес:

- Мына ошол Чынгараевди токмоктоду деп шектелгендер менен тапшырма бериши мүмкүн деп айтып жатышкан бажы кызматынын офицерлерин бетме-бет жолуктурушкан. Ошол жолугушууда кармалган адамдардын эч кимиси аттары аталган бажыкана кызматкерлерин тааныбай тургандыгын айтышкан. Мындан сырткары биздин ички иликтөөнүн жүрүшүндө мына ошолордун буйругунун негизинде Чынгараев токмоктолгондугун тастыктай турган бир дагы факты болгон эмес. Эми жанагы Зафар Айдаров мурун спортсмен болгондугу чын. Биздин кызматта спорстмендер иштей албайт деген мыйзамда талап жок. Анын кандайдыр бир көмүскө иштерге катышы бар экендиги тууралуу буга чейин эч кандай маалымат болгон эмес. Эгерде башка укук коргоо органдарында мына ошондой фактылар аныкталса аны эмдигиче камакка алышат эле да. Бул эми карандай эле ушак.

Чыр эмнеден чыккан?

“Транс-Ордо” автожүк ташуучулар бирлигинин теңтөрагасы Чынгараев “Эркеч-Там” бажыканасында Кытайдан келе жаткан жүктүн салмагын баалоодогу көз боёмочулуктар бар экендигин айтып чыккан. Мындан сырткары ал бажыкана кызматкерлери өздөрүнө караштуу автожүк тартуучу компанияларга жең ичинен кызмат көрсөтүп, алардын атаандаштарын рыноктон сүрүп чыгарууга көмөктөшкөн жагдайлардын бетин ачууга аракет жасаган.

Мырзамат Чынгараев бажы көзөмөлүндөгү мыйзамсыздыктар тууралуу бажы кызматынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилигине жазган анын арыз-даттанууларына ушул кезге чейин ынандырарлык жооп болбогондугун белгиледи:

- Мен колдо болгон документтердин негизинде бажыканадагы коррупциялык схемаларды атап, ага тиешеси бар мына ошол жетекчилердин ысымдарын арызда ачык көрсөткөн болчумун. Алардын бажыкананын өз менчигине айландырып, каалагандай акча жасап жатышкандыгын көрсөткөмүн. Жүк ташуу рыногунда өздөрүнө таандык адамдарды коюп алышып, алар аркылуу жүк ташуудан түшүүчү кирешенин бардыгын өздөрүнө карата буруп алгандыгын айткамын. Бир эле мисал. Өздөрүнө таандык жүктүн көлөмүн азайтып көрсөтүп, депозитин кыскартып берип, кээде аларды такыр эле текшертпей өткөрүп жиберген учурлары болгон. Анан мына ушундай жеңилдиктердин эсебинен жүктүн ээлерине арзан баада кызмат көрсөтүүнү сунуштап, биздин негизги кардарларды тартып кетип жатышат. Анан биз бажынын жетекчилигине “бажыканада иштегиле же бизге окшоп биротоло жүк ташуу менен алектенгиле деп” шарт койгонбуз. Карама-каршылыктын бардыгы ошондон башталды.

Бажы кызматы: дооматтар суу кечпейт

Ошол эле кезде бажы кызматынын маалымат борбору Чынгараевдын аталган тармактагы мыйзамсыздыктар боюнча билдирүүсүн негизсиз деп тапты. Анткени бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов өзү башында турган текшерүү комиссиясы тарабынан аталган бажы аймагында кандайдыр бир кыңыр иштердин болгондугу боюнча фактылар тастыкталган эмес.

Мына ошондуктан бажы кызматынын өкүлү Абдылда Малдыбаев койулган дооматтарды жалаа катары баалады:

- Бизге түшкөн ар бир арыз-даттануу өз учурунда текшерилип, каралат. Мына ошол Чынгараевдин арызы түшкөн учурда өз убагында текшерүү уюштурулуп, биздин жетекчибиз өзү Кулматов баш болуп “Эркеч-Тамга” барышкан. Бир жумалык текшерүүнүн жүрүшүндө арызда келтирилген фактылардын бири дагы тастыкталган эмес. Мына ошол жерде жүк ташуу менен алектенген башка ишкерлер менен жолугушуу учурунда да Чынгараевдин айткандары жалган болуп чыкты. Анан эми ага карабай эле анын жалган ушактарды тарката берсе анда анын өз эрки. Товарларды бажы көзөмөлү боюнча мыйзамдын талабынан жазгырып, өз пайдасы үчүн өткөрүп кеткидей анда иштегендердин башы экөө эмес. Анткени Кытайдан кирген жүктү таразага тартууга улуттук коопсуздук кызматы, чек арачылар жана башка мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү байкоо салып турушат. Мурдагы бийликтекрдин тушунда болсо болгондур, бирок азыр андай мыйзам бузууга эч ким жол бере албайт.

“Багы ачылбаган” бажы тармагы

Анткен менен коомчулукта бажы тармагынын башчыларын сындаган адамдын токмоктолушун Акаев менен Бакиев учурундагы бийликтин ыкмаларынын калыбына келиши катары баалагандар бар. Туңгуч президент Акаевдин кезинде бажы тармагын коомчулукка “кошелек” деген ат менен белгилүү Мурат Малабаев көзөмөлдөсө, андан кийинки президент Бакиевдин тушунда үй-бүлөгө көз каранды криминалдык топтор тармакка ээлик кылып келгендиги айтылып жүрөт. Учурда мына ошол мурунку эки бийлик тушундагы “түйүндөр” кайрадан жанданып, бажыдан түшчүү көмүскө кирешелер мурункулардан “таалим” алган таасирдүү күчтөрдүн колунда турат дешет талдоочулар.

Бул боюнча республикалык “Айдоочу” коомунун төрагасы Темирбек Шабданалиев айрым мисалдарды келтирди:

- Мына ошол 7-апрелден кийинки ыңкылаптан кийин “болду эми жоголду” деген куугунтуктоолор, коркутуп-үркүтүүлөр кайрадан калыбына келип жатат. Болгондо дагы мына ошол кирешелүү тармак катары саналып, мурдагы бийликтердин чөнтөгүн толтуруп келген баягы эле бажыканадан башталып жатат. Бир эле мисал келтирсек “Эркеч-Там” бажы өткөрмөсүндөгү чыныгы абал кандай экендигин түшүнсө болот. Анткени Кытайдан айына “Торугартка” жүз миллион долларлык жүк кирсе, “Эркеч-Тамдан” үч жүз миллионго жакын товар кирет. Анан анын көпчүлүгү Тажикстан менен Өзбекстанга кирип кетет. Бажы төлөмүн карап көрсөң “Эркеч-Там” “Торугартка” караганда үч эсе аз берет. Демек мына ошол жерде ажыдаардын куйругу эмес, бардыгын алкымына оп тартып жаткан бир башы катылгандыгын байкоого өзгөчө кесипкөйлүктүн деле кереги жок. Мына ошондуктан ал жакта айыбыбыз ачылып калбасын деген бажыдагы азаматтар биздин адамдарды коркутуп-үркүтүп, уруп кетип жатышат.

Бажы тармагы Кыргызстандагы бирден-бир киреше берүүчү тармак катары белгилүү. Өлкөнүн казынасына салыктын өлчөмүнө караганда бажы төлөмдөрүнүн көп түшүүсүнүн себептери да мына ошого байланыштуу.

Анткени Кыргызстандын “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бажы өткөрмөлөрү аркылуу Кытайдан чыккан ири көлөмдөгү транзиттик жүктөр жана реэкспорттук товарлар Казакстанга, Орусияга, Өзбекстанга жана Тажикстанга ташылат.

2011-жылы Кытай бажыканасынын маалыматы боюнча, көлөмү 9 миллиард АКШ долларынан ашуун товар Кыргызстанга өткөн. Кыргызстандын бийлиги бул санды 950 миллиондун тегерегинде деп көрсөткөн. Мындай чоң айырмачылыкты Кыргызстандын бажы кызматы товарлардын көлөмүн эсептөөдө эки башка ыкманын колдонулушу менен түшүндүргөн болчу.
XS
SM
MD
LG