Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Беларус элчилигине нааразылар менен Бешимов сүйлөштү


Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Улан Асаналиев кабарлады. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов нааразы тарап менен сүйлөшүп, Бакиевдердин Кыргызстанга кайтарылып берилбей жатышында Белорус элчилигинин күнөөсү жок экенин билдирди. Ошондой эле ал бул маселеде буга чейин элчи Виктор Денисенко менен жолукканын кабарлады. Бешимов нааразы тарап менен сүйлөшкөн соң элчиликтин имаратына кирип кетти.

Бир аз мурдарак Беларус Бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн элчиликтин ишин токтотууну талап кылып, элчиликтин алдына чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин 60ка жакын өкүлдөрү элчиликтин айнектерин таш бараңга алды. Алар элчи Виктор Денисенконун чыгышын талап кылышууда. Азырынча элчиликтен эч ким чыга элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG