Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Лондон-2012: Эсен Калиев онунчу болду


1-сентябрда Стамбулда дүйнөлүк шахмат олимпиадасы уланды. Велоспортчу Евгений Ваккер Италиядагы турнирге катышууда.

31-августта Лондондо өтүп жаткан паралимпиадада Кыргызстандан майып спортчу Эсен Калиев 52 килограмм салмактагылардын тобунда күч сынашты.

Жыйынтыгында 141 кило салмакты көтөрүү менен 10-орунду ээледи. Бул салмактын баш байгесин кытайлык Жи Фенг 176 кило салмак көтөрүү менен жеңип алды.

Эл аралык спорт чебери Эсен Калиев паралимпиадага алгач ирет катышты.
Эсен Калиевге Лондон паралимпиадасына даярдыкка мамлекет каражат бербей койгонун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Андан Жабраилов “Азаттыкка” айтты:

- Лондон паралимпиадасына даярдык үчүн мамлекет каражат бөлгөн жок. Бишкек шаардык спорт комитетинин жардамы менен Орусияга барып, машыгып келген элек. Ал машыгуу учурунда 160-165 кило оордукту оңой көтөрүп жүргөн. Бирок Лондондо эмне үчүн ийгиликке жетпей калганын билбей турам. Себеби Лондонго жалгыз өзү устаты, же дарыгери жок барды. Эсен өзү майып болсо, араң басып жүрсө, Лондондо кандай болот деп кабатыр болуп турган элем. Машыктыруучусу катары мен жанында болсом, кеп-кеңешимди айтып, колдоп турат элем да. Тилекке каршы менин ордума паралимпиада федерациясынын жетекчиси Роман Өмүрбеков котормочусун алып барды.

29 жаштагы Эсен Калиев 2003-жылдан бери спорт менен машыгып жүрөт. Ал 12 жолу Кыргызстандын чемпиону аталып, 7 ирет өлкөнүн рекордун жаңырткан.

Паралимпиадада Кытай алдыда

Лондондо өтүп жаткан майып спортчулардын мелдешинин үчүнчү күнүндө кытайлыктар 34 медал, анын ичинде он үч алтын медал алышты. Ошондой эле Австралия 19 медал менен экинчи орунга чыкты. Аларга куйрук улаш Украина командалык эсепте үчүнчү орунга көтөрүлүп, 16 байге утту. Украиндер 6 алтын, бештен күмүш жана коло медаль тагынышты.

Азырынча орусиялыктар төртүнчү, оюн ээси британдар бешинчи орунда келүүдө. Мурдагы Совет курамындагы мамлекеттерден Азербайжандын 2 алтыны жана Беларустун 1 алтын медалы бар. Борбор Азиядан Өзбекстан бир күмүш байгелүү болду. 166 өлкөдөн учурда 42 мамлекет гана байге утуп, таанылууда.

Паралимпиадалык оюндар Лондондо 29-августта башталып, спорттун 20 түрү боюнча өткөрүлүп жатат. Паралимпиадага 166 өлкөнүн 4 миңден ашуун спортчусу катышууда. Оюндар 9-сентябрда жыйынтыкталат.

Стамбулдагы дүйнөлүк шахмат олимпиадасы

1-сентябрда Стамбулда Бүткүл дүйнөлүк 40-шахмат олимпиадасынын мелдештери уланды. Мында 158 мамлекеттин өкүлдөрү акыл таймашына катышууда.

Стамбулда Кыргызстандын тандалма командасынын катарында кыз-келиндерден Александра Самаганова, Диана Өмүрбекова, Бактыгүл Тиленбаева, Алымбай кызы Айжан жана Алина Эсенбаева өлкө намысын коргоп жатат. Эркектерден Алгис Шүкүралиев, Эмилбек Сапар, Андрей Мазницын, Асыл Абдыжапар жана Болот Такырбашев ойноп жатышат.

Биринчи оюнда кыргызстандык кыз-келиндер Казакстан командасына утулган. Экинчи оюнда Эфиопиянын командасын 3:1 эсебинде жеңип алган. Кечээ Британиянын шахматчылары менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Эми алардын кезектеги атаандаштары Перу өлкөсүнүн кыз-келиндер командасы болмокчу. Эркектер командасы алгач Венгриянын шахматчыларына утулса, кийинки оюндарда Сингапур жана Панама өлкөлөрүн 3:1 эсебинде утуп алышты. 1-сентябрда Литванын шахматчыларына каршы ойнойт.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасына өлкөнүн үч жолку чемпиону Нуриса Оторбаева менен уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин белгисиз себептерден улам барбай калышты.

27-августта Стамбулда башталган Бүткүл дүйнөлүк 40-шахмат олимпиадасы 10-сентябрда жыйынтыкталат.

Футболдон Эгемендик кубогун "Дордой" утту

31-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футболдон Эгемендик кубогунун финалдык беттешүүсү болду.

Мында баш байге үчүн Бишкектин “Алга” командасы менен өлкөнүн алты жолку чемпиону “Дордой” футбол клубу беттешти. Жыйынтыгында 6:1 эсебинде “дордойчулар” жеңип, Эгемендик Кубогунун ээси болушту. Аларга кубок менен кошо 100 миң сом акчалай сыйлыкты президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев тапшырды.

Кайыкчылардын дүйнөлүк жарышы

1-сентябрда Орусиянын Казан шаарында кайык шилөө боюнча студенттер арасында дүйнө чемпионаты жыйынтыкталат. Мында кыргызстандык төрт жигит өлкө намысын коргоп жатат. Алардын катарында 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль бар.

Польшада дүйнө чемпионаты

1-сентябрда спорттун азыркы беш түрү боюнча Кыргызстандын жаштар командасы Польшага аттанып кетишти. 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Польшанын Жонков шаарында 21 жашка чейинки улан-кыздар арасында дүйнө биринчилиги үчүн мелдештер болот. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 3 жигит жөнөп кетти.

Азиядан Евгений Ваккер гана катышууда

1-сентябрда велоспорт боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккер италиялык даңазалуу велоспортчу Давид Фарделлини эскерүүгө арналган эл аралык Гран-при турнирине катышканы турат.

Италиянын Бергамо аймагындагы бул мелдештин уюштуруучулары 4 континенттен 20 спортчуну тандап чакырышкан. Алардын катарында Азиядан жалгыз Евгений Ваккер бар.

Италиядан кийин Ваккер 8-сентябрда Франциядагы мелдешке, андан кийин Голландияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. 38 жаштагы Евгений Ваккер Азия оюндарында төрт күмүш, бир коло байге уткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG