Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Бала асыроодон акча жасашканбы?


Гүлнара Дербишева "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 17-январь, 2012.
Гүлнара Дербишева "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 17-январь, 2012.

УКМК Социалдык өнүктүрүү министрлигинин департамент башчысы Гүлнара Дербишеваны пара алган деген шек менен камакка алды.

Ал социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет элдик жарандарга бала асырап алууга мыйзамсыз уруксат берүү үчүн эл аралык уюмдардан пара талап кылган жана пара алган деп шектелүүдө.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин департамент башчысы Гүлнара Дербишева 31-август күнү кармалган. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматкери Жоодар Исакунов “Азаттыкка” 3-сентябрда тастыктады.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Гүлнара Дербишева 2011-жылы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет элдик жарандарга Кыргызстандан балдарды асырап алууга мыйзамсыз уруксат берүү үчүн пара талап кылуу жолу менен эл аралык уюмдардан өзгөчө ири суммадагы, тактап айтканда 30 миң АКШ долларынын тегерегиндеги акча алган деп айыпталууда. Маалыматка караганда, Башкы прокуратура кылмыш ишин УКМКнын материалдарынын негизинде Кылмыш кодексинин 313 (опузалап пара талап кылуу) жана 313-беренесинин 1-пункту боюнча (пара алуу) фактысы боюнча козгогон.

Башкы прокуратура ушундай эле пара алуу фактысы боюнча 30-июнда кылмыш ишин козгоп, анын негизинде 5-июлда социалдык коргоо министри Равшан Сабиров камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Кызматынан кыянат пайдаланып, акча өндүрдү деп шектелип жаткан министр жана анын жардамчысы кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн акча талап кылышкандыгын прокуратура маалымдаган.

Башкы көзөмөл кызматы ага чейин кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк жарандарга асыроого берген уюмдарды каттоо боюнча текшерүү жүргүзүп, натыйжада Социалдык өнүктүрүү министрлиги одоно каталарды кетиргени аныкталганын билдирген. Ошондой эле бала асыроо боюнча жободо жемкордукка жол ачкан жылчыкчалар табылганын маалымдап, кыргызстандык балдарды асыроого берүүгө уруксат алган 10 чет өлкөлүк фирманын каттоосун жокко чыгарууну сунуштаган эле.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматкери Жыргалбек Курманбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул сунуштар бир катар текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген:

- Текшерүү учурунда баланы асыроого берүүчү чет элдик ишканаларды каттоодо Кыргызстандын мыйзамдары одоно түрдө бузулганы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Социалдык өнүктүрүү министрлигине чет элдик жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого берүү укугун чет өлкөлүк ишканаларга ыйгарууну токтотуу сунушу берилди. Кыргыз өкмөтүнө мындай ишканалардын Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө уруксат берүү жоболорун кайрадан карап чыгуу боюнча кат жиберилген.

Кыргызстандык балдардын чет өлкөлүк жарандар тарабынан асыралышына 2009-жылы “кыргызстандык балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жатат” деген жүйө менен мораторий киргизилген. 2011-жылдын июнь айында парламент тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизген соң, бул милдет Билим берүү министрлигинен Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген.

Аталган министрликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия баланы асыроого берүүчү чет өлкөлүк 24 фирманын ичинен 10 фирманы тандап алган болчу. Гүлнара Дербишева ошол комиссияны жетектеп турган, ал эми анын катчысы - министрликтин балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Екатерина Хорошман болчу. Чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүү маселеси боюнча июль айында аталган кызматкерге да сөгүш жарыяланган. Екатерина Хорошман менен байланышканыбызда ал азыр эмгек өргүүсүндө экенин, Дербишеванын камакка алынганы тууралуу маалымат каражаттарынан гана билгенин айтты.

Социалдык өнүктүрүү министринин мурунку орун басары Гүлнара Дербишева Биринчи май рйондук сотунун чечими менен бир ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалмакчы.

Анын адвокаты Искендер Жоробаев Дербишеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын “Азаттыкка” билдирди:

- Гүлнара Дербишеванын алты баласы бар, алардын үчөө эрезеге жетелек, күйөөсү 2-топтогу майып. Ошондуктан анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Мен адвокат катары бүгүн Дербишева менен жолугуп чыктым, мындан ары тергөө иштеринин жүрүшүндө жактоочусу катары жанында болом.

Укук коргоочулар Гүлнара Дербишеванын буга чейин да мамлекеттик, жарандык иштерде салымы чоң экенин белгилеп, тергөө аяктаганга чейин баш коргоо чарасын өзгөртүү зарылдыгын билдиришүүдө.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова Дербишевага байланыштуу тергөө иши ар тараптуу, акыйкат жүргүзүлүүсүн талап кылышарын айтты:

- Биз Дербишеванын тергөө иштери акыйкат, так жүрүшүн талап кылабыз. Ошондой эле сот да көз карандысыз, эркин сот болуп, акты ак, караны кара деген жыйынтык чыгарууга тийиш.

Гүлнара Дербишева “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунда координатор, “Адопшн чоң эне” кайрымдуулук фондунун Баткендеги филиалынын жетекчиси болуп иштеген. 2007-жылы “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп, апрель ыңкылабынан кийин социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, акыркы бир ай ичинде аталган министрликте социалдык жактан камсыздандыруу департаментинин башчысы болуп иштеп келди.

Гүлнара Дербишева пара алды деген шек менен кармалышы боюнча УКМКнын оперативдүү тасмасы

Жооптуу кызматкер пара менен кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG