Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Депутат Коркмазовду партиялаштары чыккынчы деп күнөөлөөдө


Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Хажимурат Коркмазовдун тегерегиндеги кескин талаптардын айынан күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого тоскоолдук жаралууда.

Коркмазов жаңы түзүлгөн коалицияга «Ата-Журт» фракциясынын депутаттар тобунун атынан кирдик деп өзүнчө кол койгон. Айрым маалымат булактары Коркмазов "Ата-Журттун" лидерлерине карата улутчулдук маанайдагы пикирин билдирди деп жазып чыккан. Коркмазов өзү антип айткан эмесмин деди.

Бугүнкү жыйында "Ата-Журттун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ахматбек Келдибеков Коркмазовду чыккынчы атап, залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Ушул эле фракциядан депутат Жылдызкан Жолдошева Коркмазовдун башкаруучу коалицияга кириши коомчулукта терс пикир жаратаарын айтты. Ал эми партиянын лидери Камчыбек Ташиев Коркмазовду "экинчи Кадыржан Батыров" атады.

Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Коркмазов боюнча маселе "Ата-Журт" фракциясынын ички иши экенин эскертип, жалпы жыйынга чыгарбастан өз алдынча чечип алууну сунуштады.

Айрым депутаттар "Ата-Журттун" өкүлдөрүнө кайрылып, "телекамералардын алдына чыгып алып көрсөтмө ызы-чуу жасабагыла" дешти. (RK)

XS
SM
MD
LG