Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Пан Ги Мун Сирия боюнча сынга кабылды


БУУнун Коопсуздук кеңешинде баш катчы Пан Ги Мун Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алган кан төгүүнү токтотуу боюнча иштиктүү чараларды көрө алган жок деген сынга кабылды. Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын жыйынында сүйлөгөндө Коопсуздук кеңешинин аракетсиздигинен сириялык карапайым калк гана жабыркабастан, дүйнөлүк уюмдун беделине доо кеткенин айтты. Ал Коопсуздук кеңешинен Сирия боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылды.

Шаршембиде Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган Сириянын президенти Башар Асадды жана анын режимин «мамлекеттик терроризм» үчүн айыптады:

- 2011-жылдын мартынан бери Сирияда башталган кыргындарда өлгөндөрдүн саны 30 миңге жетти, алардын 2200ү балдар. 76 миң киши дайынсыз болсо, 250 миң качкын Сириянын коңшу өлкөлөрүндө баш калкалоодо.

Ушул эле күнү америкалык үч сенатор Ирактын премьери Нури-ал-Маликиден Сирияга курал-жарак ташыган ирандык учактарды өткөрбөөнү суранды. Мындай кайрылуу New York Times гезити Иран сириялык режимге курал-жарак жеткирүүнү кайра баштады деген кабарды тараткандан кийин чыкты. Расмий Тегеран болсо Сирияга гуманитардык көмөк гана жеткирип жатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG