Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Абдырахманов менен Текебаев мушташа кетти


Бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи тыныгуудан кийин жыйынга кирип келаткан депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Абдырахманов айтыша кетишти. Абдырахмановдун “Азаттыкка” айтымында, Текебаев биринчи баштап, аны муштап өткөн. “Талап-тоноочулукту ушул жерде да көрсөтөсүңбү” деген Абдырахмановдун сөзүнөн кийин эки депутат бири-бирине карай жулунганда залда олтурган депутат айымдар ажыратууга үлгүргөн. Өмүрбек Абдырахманов ордуна олтургандан кийин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев аны муштаганга аракет кылганы айтылууда. Текебаевден мушташтын чыгуу себебин билүү мүмкүн болгон жок.(КЕ)

XS
SM
MD
LG