Ливиянын Улуттук ассамблеясы жаңы премьер-министрликке Мустафа Абу Шагурду шайлады. Шагур буга чейин өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп келген. Ал атаандашы, Муаммар Каддафинин режимине каршы күрөштө көтөрүлүшчүлөрдүн лидери болгон Махмуд Жибрилден эки добуш көбүрөөк алды. Жаңы премьер Каддафиге узак убакыт бою оппозиция болгону менен белгилүү. (KKs)