Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Кыргыз ТИМи өзбек президентинин сөзүнө жооп кайтарды


Мындай билдирүүнү Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбек президенти Ислам Каримовдун 7-сентябрдагы сөзүнө жооп катары таратты. Каримов Казакстанга болгон сапары учурунда Кыргызстандагы Камбар-Ата жана Тажикстандагы Рогун ГЭСин курулушун сынга алып, Борбор Азияда суу көйгөйүнөн улам согуш да чыгуу коркунучун четке каккан эмес.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун билдиришинче, Кыргызстан аймактагы суу-энергетикалык маселелерди ачык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деп эсептейт. Бул үчүн эл аралык келишимдердин негизинде бардык өлкөлөр менен сүйлөшүүлөргө даяр.

Парламенттеги 12-сентябарда сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев да Кыргызстанда суунун айынан согуш чыгуу коркунучу жок деп билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG