Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Талаштуу тасманын жаңы жагдайлары


Йемендеги нааразылык акциясы
Йемендеги нааразылык акциясы

Жакынкы Чыгышта будуң-чаң салган каргашалуу тасма тууралуу көңүлдү иренжиткен жагдайлар ачыкка чыгууга.

"Күнөөсүз мусулман" аттуу тасма Египет менен Ливияда америкалык элчинин жана дагы бир нече адамдын өлүмүнө алып келди. Өзүн тасманын кеңешчисимин деп атаган адам азыр эми «эч кимди өлтүрбөгөнүн» айтып, колун жайды.

Тасманы тарткан режиссер мурда айтылгандай теги израилдик жөөт эмес, Египетте туулган коптик христиан болгон окшойт. Ал эми тасмада ойногон актерлор тасманын талаштуу мазмуну тууралуу билбегенин айтып жатышат.

Жакынкы Чыгышта жайылып бараткан анти-америкалык нааразылыкка түрткү болгон үйрөнчүк тасманын кайдан пайда болгону тууралуу бир топ жагдайлар аныкталды.

"Күнөөсүз мусулман" аттуу тасманы башында "түбү израилдик америкалык курулушчу ишкер Сэм Басил тарткан. Аны тартууга жөөт демөөрчүлөр 5 миллион доллар беришиптир" деп айтылган эле.

Ирак
Ирак
Бирок Сэм Басил чындыгында кино компаниянын жетекчисимин деген теги египеттик коптик христиан Накула Басселей Накуланын псевдоними окшойт.

56 жаштагы Накула "мен Сэм Басил эмесмин" деп танып жатат. Ал банк эсептери боюнча көз бойомочулугу ашкереленген, бир ирет түрмөдө отуруп чыккан адам экен. Анын экинчи ысмы Басселейге окшош бир нече псевдоними бар экен.

Тасмага тиешеси болгон экинчи адам – Стив Клайн. 12-сентябрда ал "Ройтерс" агенттигине өзүн аталган тасманын кеңешчисимин деп тааныштырып, Басил чындыгында да псевдоним экендигин бышыктады.

Стив Клайн
Стив Клайн
Бирок бул псевдонимдин чындыгында да Накулага тиешелүү экендигин тастыктабастан, режиссердун ким экендигин да анча жакшы билбейм деп колун жайды:

Мен аны менен эки ирет жолуккам, анын кайсы өлкөдөн экенин билбейм. Ал израилдик жөөт эмес экенин гана так билем. Ал Жакынкы Чыгышта калган урук-туугандарын коркунучка калтырбайын деп, башка ысымды ойлоп тапкан болуш мүмкүн.

Стив Клайн өзү мурда АКШнын деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн, учурда камсыздандыруу тармагында иштейт. Аны укук коргоочу уюмдар оңчул христиан экстремисттик топторго тиешеси бар деп айтышат, бирок өзү мындай ырастоону четке каккан.

Мындан тышкары тасманы Флоридада жайгашкан Терри Жоунс деген чиркөө башчысы колдогону айгине болууда. Терри Жоунс убагында Куранды өрттөйм деп бир нече жолу коркутуп дүйнөгө аты чыккан. Ал саналуу колдоочусу менен акыры өткөн жазда, апрел айында бир нече Куранды өрттөгөн.

Пакистан
Пакистан
"Күнөөсүз мусулманды" 11-сентябрдын 11 жылдык мааракесине өз жолдоочуларына көрсөткөндүгүн айткан Жоунс Египет менен Ливиядагы соңку окуялардан улам "мусулмандар Мухаммед пайгамбардан башка эч кимди кабылдабаган толерантсыз экендигин көрсөткөнүн" билдирди.

Стив Клайн бул тасманын артында тургандар Сирия, Пакистан, Түркия, Ирак, Египет өңдөнгөн мусулман өлкөлөрүнөн качып, АКШга жан соогалап келген имигранттар деп ырастады.

Толук метраждуу сатирикалык тасмада Мухаммед пайгамбардын жашоосу сүрөттөлүп, ал кем акыл, аял дегенде жантыгынан жата калган, өз кызыкчылыгына келгенде Куранды каалагандай бурмалаган каарман катары сүрөттөлөт.

Бул тасма бир нече ай мурда америкалык кинотеатрлардын биринде көрсөтүлгөн экен, бирок анын 12 мүнөттүк үзүндүсү араб тилине которулуп, өткөн аптада интернетте илингенден кийин гана мусулман дүйнөсүн дүңк эттирди. Египет менен Ливияда башталган толкундоолор андан бери Йемен, Иран, Тунис, Газа тилкесине тарады.

Иран
Иран
Тасма коюлган YouTube сайтынын ээси болгон "Гугл" компаниясы толкундоолор болуп жаткан өлкөлөрдө аны көрсөтүүнү чектегендигин айтууда.

Анын аралыгында тасмага тартылган көптөгөн актерлор алданганын айтып чыгышты. Актерлор тобунан деп жарыяланган билдирүүдө алар «Чөлдөгү баатырлар» деген тасмага 2011-жылы Калифорниядагы чиркөөдө тартылышканын, сценарийде Мухаммед пайгамбар тууралуу эч нерсе айтылбагандыгы белгиленет.

Мындан тышкары бир нече актер алардын сөздөрү кийин алынып салынып, ордуна башка актерлордун үнү менен таптакыр башка сөздөрдү жаздырышкандыгын айтыш чыгышты. Ушундан улам бул актерлор өздөрү тартылган тасма менен эч кандай байланышыбыз жок деп жарыялашты.
XS
SM
MD
LG