Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Лондондо борбор азиялык сүрөткердин көргөзмөсү уланууда


Александр Волковдун "Кумдан жана Жибектен" деп аталган көргөзмөсү Британиянын баш калаасындагы атактуу Кристи аукцион борборунда өтүп жатат. Көргөзмөгө 1886-жылы Ташкенде туулуп, өмүр бою Борбор Азияда жашап өткөн Волковдун алгачкы 50 чакты сүрөтү тандалып алынган. Анын сүрөттөрүндө ошол кездеги эң заманбап Батыш стилдери менен борбор азиялык салттуу чыгармачылык усулдар чеберчилик менен айкалыштырылган. 1957-жылы Өзбекстанда көз жумган Волковду орус көркөм өнөрүндөгү эң бир кайталангыс феномен деп эсептешет. 4-сентябрда ачылган көргөзмө 24-сентябрда аяктайт. Волковдун сүрөттөрүн бул жерден көрө аласыз.

XS
SM
MD
LG