Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Москвада мигранттар менен полиция кызматкерлери кагылышты


Москвада мыйзамсыз соода кылгандарды текшерүү учурунда полиция кызматкерлери менен кыргызстандык жана тажикстандык сатуучулар ортосунда кагылышуу орун алды. Орусиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазган чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, полиция кызматкерлери мыйзамсыз соода кылган 6 сатуучуну кармап баратканда 100дөй чет өлкөлүк сатуучу полиция кызматкерлеринин автобусун таш, темирлер менен ургулап кирген. Натыйжада 5 тартип коргоо кызматкери жараат алып, 6 кыргызстандык жана тажикстандык кармалды. Алардын төртөөнө “бийлик өкүлдөрүнө кол салды” деген айып тагылып, кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын элчилиги бул маалымат такталып жатканын билдирди. (AKu)

XS
SM
MD
LG