Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Депутат Мадылбековдун уулу камалды


Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун Бишкек шаардык прокуратурасында иштеген уулун камакка алды.

Элдар Мадылбековго “өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган жана рейдерлик жасаган” деген айып тагылууда. Башкы прокуратуранын маалымдашынча, ал апрель окуяларындагы Бакиевдердин дүнүйө-мүлкүн басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишке катышы бар деп шектелип жатат.

15-сентябрь күнү кечинде кармалган Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм прокурору Элдар Мадылбеков азыр шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу абагында отурат.

Башкы прокуратуранын тергөө тобунун башчысы Рустам Абдрасулов Мадылбековдун кайсы кылмышка шектелип жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 166-беренеси (алдамчылык) менен 2010-жылдагы Бакиевдердин мүлкүнө башкалардын ээлик кылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелип жаткан. Ошол иштин негизинде Мадылбеков Элдар Туратбекович шектүү катары кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Элдар Мадылбеков Жогорку Кенештеги коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу. Буга чейин парламенттеги "Республика" фракциясынын бир катар өкүлдөрү "Ата Мекендин" депутаттары "Туратбек Мадылбеков, Өмүрбек Текебаев жана Райкан Төлөгөновду апрель окуясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн ээлеп алган" деп айыпташкан. Факт катары түрмөдө отурган Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөлөрүн НТС телеканалы аркылуу утур-утур көрсөтүшкөн болучу. Бирок "атамекенчилер" аны төгүндөгөн.

Туратбек Мадылбеков уулунун кармалуусун бул ишке такыр тиешеси жок деп эсептейт:

- Эмненин негизинде кармалгандыгы тууралуу азыр колумда эч кандай документ жок болгондон кийин мен бирдеме деп айта албайм. Эгерде чындап кылмышка тиешеси бар болсо, мыйзам алдында жооп берет.

“Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бул окуяга мындай комментарий берди:

- Биз айтканда шоу катары кабыл алышты эле. Бакиевдердин мүлктөрүнүн баары улутташтырылган эмес. Биз айткандай эле, ушундай болуп ар кимде жүргөнү тастыктала баштады.

Саясий эксперт Марс Сариев башкы прокуратура айныгыс факт болбосо, Мадылбековду камай алмак эмес деген пикирде:

- Азыркы бийликтин учурда мыйзамга ылайык иштөөдөн башка жолу жок. Бул кылмыш иштери да мыйзам боюнча эле жүрүп жатат деп ойлойм. Факт боюнча иштебесе Башкы прокуратура жана анын артында турган бийлик дагы орустарда айтылгандай “саясий өлүк" болуп калышат.

Август айында "Ата Мекен" фракциясы менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ортосунда компроматтар согушу чыккан. "Атамекенчилер" өтө кымбат ат алуу менен премьер түркиялык бизнесмендин ишине жол ачкан деп чыкса, Бабановго тиешелүү саналган НТС телеканалы азыр тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрүн тынбай көргөзгөн.

Буга улай ошол кездеги өкмөт башчы Бабанов Башкы прокуратурага бул ишти тыкыр иликтеп чыгууну тапшырган. Бирок Башкы прокуратура 15-сентябрдагы расмий билдирүүсүндө, Элдар Мадылбековдун кармалуусу Юсуповдун көрсөтмөсүнө тиешеси жок экенин баса белгилеген.

Бул окуяга мыйзам боюнча сот чекит коюуга тийиш. Башкы прокуратуранын айтымында, Элдар Мадылбеков 48 саатка камалды. Анын айыбы угузулуп, бул мөөнөт бүткөндөн кийин баш коргоо чарасы аныкталат.

XS
SM
MD
LG