Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жалал-Абад: эмдөөдөн эки миңдей кой кырылды


Жалал-Абадда белгисиз дарыдан эмделген койлордун кырылуусу уланып, өлгөн малдын саны эки миңге чукулдады.

Сузак районунда ушу тапта кырылган койдун саны бир миң жети жүздөн ашты. Койлордун өлүмүнө себепкер болгон деп шектелген чечектин эмдөө дарысы текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Облустук ветеринария департаментинин башкы адиси Эрмамат Калмаматов ошол дарынын курамында эмне бар экени так аныкталбай жатканын айтат:

- Азыр ошол вакцинаны Ошто, Бишкекте республикалык лаборатория текшерип жатат. Ветеринария боюнча илим-изилдөө инстуту бар, ал текшерип жатат. Чечектен мал минтип өлбөшү керек эле. 24-сентябрга карата 1787 баш кой өлдү эмдөөдөн кийин. Эмделген бардык койлор – 2808 баш. Азыр ошол вакцинанын ичинде эмне бар экенин так аныктай албай жатабыз.

Ветеринардык дарыкана иштеткен жалалабаддык Талип Ташболотовго Сузактын койлору эмделген дарыны өзбекстандык Зияидин деген адам алып келип берген экен. Кесиби ветеринардык дарыгер болгон Талип Ташболотов чечекке каршы бул дарыны текшертип көрбөгөнүн билдирди:

- Чечекке каршы дарыны эл дайыма сурап турган. Акырында өзүм тейлеген аймакта жашагандардын койлоруна берем деп төрт миң доза алганмын Зияидин деген баладан. Дарылардын үч миң үч жүзү элге таратылып кеткен. Эмдөө сайылган койлор арасында ушинтип өлүм болуп атат. Ал дары Орусиянын Покров шаарындагы илим-изилдөө институтунан чыккан.

Облустук ички иштер башкармалыгы жарандардын арыздарына ылайык, койлордун жапырт кырылышы боюнча төрт кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Облустук миилиция башчысынын орун басары Таирбек Жоробеков чечек оорусунун бул дарысы Өзбекстандан чыгарылганы тууралуу маалымат такталбагандыгын жана ар бир даана дары алармандарга үч жүз сомдон сатылганы ырасталганын билдирди:

- Ташболотов Талипке жана ветеринардык, же медициналык атайын билими жок болгону менен ошол ампулаларды саткан Масалиева Махабатка,Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана Өзбекстандын жараны Зияидин деген кишиге кылмыш иши козголду. Азыркы убакта анын аты-жөнү толук белгилүү. Аны кармоо боюнча тийиштүү оперативдик иштер жүргүзүлүп жатат. Алдын - ала тергөөдө Талип Ташболотовдун “бул дарылар Өзбекстандан келген, Өзбекстандын жараны алып келип берген” деген көрсөтмөсү бар. Дарынын сыртына күмөндүү этикеткалар жабыштырылган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери тиешелүү посттордо күнү-түнү кызмат өтөөдө. Райондун эмдөөдөн койлор өлгөн аймактарына жана Ош-Бишкек жолуна милициянын тосмо бекеттери коюлган.

Облуста малдын жугуштуу ооруларын болтурбоо максатында атайын штаб иштеп жатат. Облбийликтин башкы адиси Дүйшө Мусаев эпизоотиялык кырдаал курч абалда тургандыгын маалымдады:

- Зияидин деген Өзбекстандын жараны качып кеткен деген маалымат бар. Өлгөн койлордун 1375 башы ветеринардык талаптарга ылайык күйгүзүлүп, жерге көмүлдү.

24-сентябрда Жалал-Абадда койдун этин сатууга тыюу салынып, карантин жарыяланды. Республикалык ветеринардык департаменттен шектүү дары Москвага текшерилүүгө жиберилээрин билдиришти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG