Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Орус президенти мас айдоочуларга жазаны күчөтүүгө чакырды


Путин Маданият жана искусство боюнча президенттик кеңештин жыйынында белгилегендей, машинени мас болуп алып айдагандарды жазалоочу мыйзамды алдыда катаалдаштыруу керек.

Орус президентинин бул билдирүүсү Москванын полициясы 80ден ашуун мас айдоочуну кармаган күнү айтылды. Орусия борборундагы рейд ишемби күнкү жол кырсыгы жети адамдын өмүрүн алгандан кийин кечээ жүргүзүлгөн.

Москванын МАИси жыл башынан бери айдоочулар рулга мас болуп отурган 7000ден ашуун учурду каттаган. Мас айдоочулардын айынан январдан августка чейин 150 кырсык болуп, андан он беш адам өлүп, 250дөйү жаракат алган.

XS
SM
MD
LG