"Этнодүйнө: чеберлер жана кол өнөрчүлүк"
Орусияда "Этнодүйнө: чеберлер жана кол өнөрчүлүк" фестиваль өттү. Ага катышкан 17 өлкөнүн катарында кыргызстандык чеберлер да бар. Бул маданий иш-чара Калуга облусундагы "Этнодүйнө" билим берүү жана маданий борборго жайгаштырылган. Бул борбор кыргыз боз үйүнөн таасирленген орусиялык ишкер Руслан Байрамов 2004-жылы түптөгөн. Азыр ал жерде жайгашкан 48 өлкөнүнүн улуттук жасалгалуу бөлмөлөрүн, кыргыздын он жети боз үйүн кызыгып, көргөндөр аз эмес. Алардын бири Москва мамлекеттик лингвистика университетинин кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты Байтерекова Жеңишгүл "Азаттыкка" өз таасирлерин айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 28, 2025Чет жердеги кыргыз жарандары кантип добуш берет?
-
Сентябрь 12, 2025"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?
-
Август 20, 2025Пакистан: Ооган казактары Астанадан жардам сурады
-
Август 11, 2025АКШдан чыгарылган 25 жаран Бишкекке учуп келди
-
Июль 25, 2025"Айлампага түшүп калдым". Москвадагы мигранттын түйшүгү
-
Июль 10, 2025"АКШга келип, кайра кетпей койгондор көп болду"