Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Айдаралиев: Индиялык студенттердин абалы туруктуу


Тез жардамга кайрылган индиялык студенттердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын эл аралык университетинин президенти Асылбек Айдаралиев “Азаттыкка” билдирип, формалин жыттап көздөрү жабыркаган студенттердин саны 18 экенин белгиледи. Ал студенттерге тез жардам көрсөтүлгөндөн кийин кайра жатаканага келишкенин, бүгүн сабактарга катышып жатышканын кошумчалады.

Буга чейин Бишкектеги Тез жардам станциясы индиялык 13 студент ооруканага түшкөнүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG