Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Муралиев: Кумтөр токтосо, саясий кризис болот


Мурдагы премьер-министр, “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев Кумтөр алтын кенине нааразылыктар боюнча ой бөлүштү.

- Бүгүн Кумтөр кени боюнча митинг өткөрүлүп, келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу талабы коюлары айтылууда. Мындай нааразылыкка кандай жүйөөлүү себептер бар?

- Чынын айтканда, бизде Кумтөрго окшогон он чакты кен иштегенде мындай маселе чыкпайт эле. Негизинен саясий спекуляция (чайкоочулук) болуп жатат. Дүйнөдө Канада, Чили, Колумбия, кайсы жерде болбосун кендер иштеп жатат. Менимче, Кумтөр чоң жардам берип жатат.

2011-жылы жалаң акчалай 230 миллион доллардай биздин мамлекетибизге жардам берген. Азыр бюджеттин тартыштыгын билип жатасыздар. Кумтөр токтоп калса, саясий кризис болот. Чынын айтканда, ошого булар үнөмдөп жатышат. Эми кудайым сактасын, Кыргызстанда кендер бар, байлык бар. “Кумтөрдөй” кенден он чактысы иштеп калса, биз байыйбыз.

- Кумтөр кени боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну талап кылып жатышпайбы. Бул мүмкүнбү?

- Эми алар саясий талаптар да. Эч кандай экономикалык эсептөөлөр жок. Кумтөрдө экологиялык коопсуздук өз жайында. Биз кедей мамлекетпиз. Саясатчылар ушул кедейчиликти пайдаланып, туруктуу коомубузду селкинчекке айлантып жатышат.

- Кумтөр кенинде экология жайында деп кепилдик бере аласызбы?

- Мен он чакты жылдан ашуун машина куруучу заводдун директору болуп иштегем. Чынын айтуу керек, ар кандай калдыктар болот. Бирок эл аралык стандартка ылайыктуу болсо иштей бериши керек. Кумтөрдү жөн эле коюп, Бишкектеги таштанды топтолгон жайды караңызчы? Ал жерде эмне болуп жатат? Эч ким ага көз салбайт. Эмне үчүн дегенде буга биз көнүп калганбыз. Ал эми Бишкектин таштанды жайы бизге бир топ зыян келтирип жатпайбы.

Ачык-айкын айтуу керек, кемчиликтер бар. Бирок компания кемчиликтерди жоёбуз деп айтып жатат. Эски доордо Кумтөрдүн ачылышы балким коррупция менен байланышы болсо керек. Ал суроолор эми “Камеко” компаниясына, башка жетекчилерге арналышы керек. Бүгүн эми “Центерра” компаниясы ачык-айкын дүйнөдө, Канадада иштеп, өзүнүн акциясын Торонто биржасында көрсөтүп жатат. Кумтөрдү “Центерра” иштеткенден бери жүздөн ашык комиссия текшерген. Менимче, кеп Кумтөрдө эмес, кеп саясатта.

- Сиз дагы “Центерранын” директорлор кеңешинде иштеп келдиңиз. Бул компания ачык-айкын иштесе, дивиденддер боюнча түкшүмөл суроолор эмне себептен чыгып жатат? “Центерра” Монголия өңдүү башка өлкөлөрдө иштеткен кендерден дивиденд алып жатабызбы?

- Эми муну туура түшүнүү керек да. Акционердик коом ушул дивиденддер үчүн иштейт. Пайда түшсө дивиденддерди бөлүш керек. Биз компаниянын 33 пайызына ээлик кылабыз. 100 миллион дивиденд болсо бизге 30 миллион дивиденд түшүүгө тийиш. Туурабы?

2011-жылдын жыйынтыгы менен биз 30 миллиондон ашык дивиденддерди алдык. Азыр болсо табигый, технологиялык себептер менен Кумтөрдүн иши начарлап кеткен. Бирок төртүнчү кварталда өзүнүн пландарын аткарат. Анан келерки эки жылда быйылкы жылдын жетишпеген көлөмүн толтурабыз деп жатышпайбы. Ошону менен дивиденддер да, салыктар да, экологиялык төлөмдөр да төлөнөт.

Бирок ар бир келишимдин кемчиликтери бар да. Ар бир мыйзамдын, ар бир адамдын кемчилиги бар. Бул жагынан иштеш керек.

- Айтмакчы, “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлык акысы эбегейсиз чоң, көп деп айтылат. Бул чынбы?

- Жок, эбегейсиз эмес. Чынын айтканда, бул мыйзам ченемдүү болуп жатат. Директорлор кеңешинин 12 мүчөсү бар. Кыргызстандын мүчөлөрү алардан кем албаш керек. Чынын айтыш керек да.

- Ошондо канча болуп жатат?

- Ар кандай болот. Азыр эми акциялар төмөндөп кетти. Аны азыр айта албайбыз. Эми жазып жаткандардыкы деле туура эмес...
XS
SM
MD
LG