Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Кумтөр: Премьер Бабанов баарын зекиди

Давыдов мөңгүсүнүн этегиндеги карьерге суу толо баштады (сүрөттө). Айрым экологдор «казуу, ага байланышкан жардыруу иштерин мөңгүгө мынча жакын жүргүзбөш керек болчу, эгер мөңгү бүт жылып кетсе, катер сууга толуп, 400 тонна алтын түбөлүк суу астында калат

6-июлда өкмөт башчы Кумтөрдө болду. Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң ири алтын кениндеги ондогон жылдардан берки коррупциялык иштер тергелерин жарыялап, "Кумтөр акыры Кыргызстан үчүн кызмат өтөй баштайт" деп ишендирди.

КУМТӨР, 6-июль. Эртең менентен тарта асманды булут каптап, кар себелеп турду эле, тез эле күн чайыттай ачылды. Бирок Кумтөр кенине жоон топ расмий өкүлдөр менен келген премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кабагы бүркөө болду.

Өмүрбек Бабанов Кумтөрдүн чет элдик жетекчилигине бир топ катуу сөздөрдү айтты. Ал дароо эле Кумтөр "экологиялык катастрофага" кептелгенинен сөз баштады.

"Цианид көлүнөн" түтүк менен чыккан суу пленка салынбаган жерге агып жатат.
"Цианид көлүнөн" түтүк менен чыккан суу пленка салынбаган жерге агып жатат.
Эски дөңгөлөк, керектен чыккан челек, тешилген ванна, сынык шыйпыр додологон, керектен чыккан Камаздардын мүрзөсүнө айланган таштанды жайына айрыкча кабыргасы кайышты.

"Кыргыздын ыйык жер-суусун ушинтип булгап салганыңар кандай?!" деп заманасы куурулду.

«Бул жерде уулуу таштандыларды өрттөп, көмүп салчу экенсиңер, аларды каздыртып, баарып текшертебиз. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат» деп күпүлдөдү.

Таштанды жайын кыдырган Бабанов мында уулуу заттар өрттөлүп көмүлгөн деген маалымат бар экендигин, андай жерлер текшерилип, күнөөлүүлөр жазаланарын айтты.
Таштанды жайын кыдырган Бабанов мында уулуу заттар өрттөлүп көмүлгөн деген маалымат бар экендигин, андай жерлер текшерилип, күнөөлүүлөр жазаланарын айтты.
Өкмөт башчысы Кумтөрдүн өкүлдөрүн мугалим окуучуну тилдегендей эле зекиди, премьер менен кошо келген депутат, министрлер да кем калышпай, аларды суудан алып жерге, жерден алып, сууга салышты.

Котормочулары менен жүргөн "Центерра Голддун", "Кумтөр Голд компани", "Кумтөр Оперейтинг компани" ишканаларынын жетекчилери же сынды туура кабыл алып, чын эле күнөөсүн сезгенденби, же болбосо мынчалык одоно мамилеге көнбөгөндүктөнбү, баштарын жерге салып, сумсайып туруп беришти. Анда-мында ооз ачса гана, сүйлөшүп алгандай бир ооздон, "биз мыйзамды сыйлайбыз, бардык комиссиялар менен кызматташабыз" деген болушту.

Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы мына ушул аңга тартып чыгарышууда. ал эми карьердин өзвндө мөңгүдөн ылдыйлап түшкөн кар машина менен четке ташылууда.
Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы мына ушул аңга тартып чыгарышууда. ал эми карьердин өзвндө мөңгүдөн ылдыйлап түшкөн кар машина менен четке ташылууда.
Ал арада Өмүрбек Бабанов Кумтөргө буга чейин "үй-бүлөнүн" гана адамдары кире алгандыгын белгилеп, Кумтөрдүн жетекчилигин бардык маалыматы эки күндөн кечиктирбей берип турууга буйруду. Премьер-министр ошондой эле «Кумтөргө күйүүчү майдын кымбат сатылышы өңдөнгөн тээ башынан берки коррупциялык иштер тергелет» деп сөз берди.

Мындай билдирүүлөр албетте уккан кулакты сүйүнтөт, бирок алар канчалык ишке ашат? Садыр Жапаров жетектеген парламенттик комиссиянын ачуу сын, катаң талаптарынан кийин өкмөт да өзүн көрсөтүүгө мажбур.

Шиналардан тышкары эски ванна, шифер, тешилген челек жана башка ар кыл таштандылардын көлөмүн аныктоо иши али алдыда.
Шиналардан тышкары эски ванна, шифер, тешилген челек жана башка ар кыл таштандылардын көлөмүн аныктоо иши али алдыда.
Бирок Кумтөрдүн атын атагысы келбеген өкүлдөрү "Азаттыкка" канадалык тараптан бирөөнүн эле чачынын бир талы түшсө, Кыргызстанга бир да инвестор басып келбей тургандыгын эскертишти. Айрымдары Өмүрбек Бабановдун өкүм сөздөрүн ормон опуза катары баалап, "айтылган сөз айтылган жерде калат" деп айтышты.

Башкалары азыр Кумтөргө кастарын тигип жаткандардын айрымдары кенге туугандарын кызматка орноштура албай, же "Центерра Голдго" товарын сата албай, ич күйдү болгондор экенин айтып, баш чайкашты.

Кумтөр Совет доорунда эле бургуланып, ичинде дүйнөдөгү эң ири алтын кендердин бири жатканы аныкталган.
Кумтөр Совет доорунда эле бургуланып, ичинде дүйнөдөгү эң ири алтын кендердин бири жатканы аныкталган.
Кандай болгон күндө да, өкмөт мамлекеттик бюжеттин 12 пайызын кепилдеген Кумтөрдүн ишин үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар эмес. Бирок "эгер сиз айткан анти-коррупциялык иштердин кесепетинен Кумтөрдүн иши токтоп калса, өкмөт мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын кантип төлөйт?" деген "Азаттыктын" суроосуна Бабанов "күнүмдүк жеген нанды эмес, өлкөнүн келечегин ойлош керек" деп кесе жооп берди.

Парламенттик комиссия бир катар олуттуу көйгөйлөрдү көтөргөнү менен, аны бир тараптуулукта күнөөлөгөндөр жок эмес. Гезиттер алтургай комиссиянын жетекчилиги "Центерра Голд" компаниясын «солкулдатып», акциялары текейге бааланып калганда, аларды дүңү менен сатып алгысы келген бакиевчилер деп жазып чыгышты.

Кумтөрдө иштегендердин 70 пайызы кыргыз жарандары болгон менен, кесипкөйлүктү талап кылган, айлыгы көп болгон кызматтарда алардын саны аз.
Кумтөрдө иштегендердин 70 пайызы кыргыз жарандары болгон менен, кесипкөйлүктү талап кылган, айлыгы көп болгон кызматтарда алардын саны аз.
Мындай жагдайда Кумтөр боюнча жаңы комиссия канчалык элдин ишенимин актаарын айтуу кыйын. Ушул жааттагы "Азаттыктын" суроосуна премьер Бабанов көз карандысыз комиссия түзүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып, бирок комиссиянын курамына көз карандысыз, керек болсо чет элдик эксперттер киргизилерин айтты.

Чет элдик эксперттерди ким көрсөтөт, комиссиянын ишине Bank Watch өңдөнгөн эл аралык көз карандысыз уюмдардын адистери тартылабы? Премьердин Кумтөргө чакан сапары учурунда мындай суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG