Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Сирия: жардырууда мерт кеткендердин саны 40тан ашты


Сириядагы экинчи чоң шаар саналган Алепподо бүгүн автоунаалардын туташ жарылуусунан бери дегенде 40 адамдын өмүрү кыйылып, дагы 90 киши жарадар болду. Жардыруу өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо болду. Өкмөттүк телеканал жардыруудан кийин ураган имаратты жана каза болгондорду көргөздү.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан адам укугун коргоочу сириялык уюм жардырууну уюштургандар офицерлердин клубуна кол салууну көздөгөнүн, өлгөндөрдүн көбү аскерлер экенин билдирди. Сирия парламентинин төрагасы Жихад аль-Лаххам мамлекеттик телеканалдан сүйлөп, жардырууну уюштургандарды исламга каршы чыккандар деп айыптады:

- Бул кылмышты биз катуу айыптайбыз. Кудайдан коркпогон адамдардын бул иши бейкүнөө адамдардын өмүрүн алды. Алар мусулмандарга жана ислам дининин баалуулуктарына каршы адамдар.

Каржы борбору саналып келген Алеппонун батыш бөлүгү учурда өкмөттүн көзөмөлүндө, чыгыш тарабын болсо оппозициянын куралдуу тобу колго алган. Өткөн аптада козголоңчулар Алеппону толук колго алууга далалат жасап, кагылышта жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG