Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Үч депутат эки айга камалды


Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров митингге чогулгандардын алдында. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров митингге чогулгандардын алдында. Бишкек, 3-октябрь, 2012.

Бишкектин Биринчи май райондук соту үч депутаттын абактагы мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин кабыл алды.

5-октябрда "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун, фракция мүчөлөрү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Депутаттар кечки сегиз жарымдарда сотко алынып келип, сот чечими түнкү саат он бирден өткөндө белгилүү болду. Сот бул маселени жабык карап, журналисттер киргизилген жок.

Үч депутат соттон түз эле УКМКнын тергөө абагына алынып кетти. Камалган депутаттардын адвокаттары мындай чечим менен макул эместигин, эми кийинки баскычтагы сотко апелляциялык арыз жолдошоорун "Азаттыкка" билдиришти.

Тергөө тобу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки берене: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койгон. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу алардын адвокаттары сот чечиминен кийин журналисттерге билдирди.

Бул күнү сот имаратынын алдына камалган депутаттардын жүз чакты тарапкери чогулуп, алардын бошотулушун талап кылган жазууларды кармап турушту. Мындан сырткары бул депутаттардын камалышын талап кылып, алардын боштондукка чыгышына каршы болгон топтордун да өкүлдөрү болду. Сот имаратын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып, коопсуздук чаралары да күчөтүлдү.

Сот ишине катышкан акыйкатчы Турсунбек Акун болсо Камчыбек Ташиев тарапкерлерин нааразылык акцияларын токтотууга чакырган кайрылуусун айтып коюуну өтүнгөнүн айтып чыкты. Эки күндөн бери Ташиевдин Жалал-Абаддагы тарапкерлери аны бошотуу талабы менен нааразылык акциясын өткөрүп, Бишкек-Ош жолун тосууга чейин барышууда.

3-октябрда Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган демонстрацияда Ташиев чогулгандарды бийликти алууга чакырып, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Ак үйдүн короосуна ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон. Башаламандык менен аяктаган митингден кийин жогоруда аты аталган үч депутат 48 саатка камакка алынган эле.

Тасмада: 3-октябрдагы тополоң менен коштолгон митинг

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG