Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Уго Чавес президенттикке кайра шайланды


Уго Чавес шайлоодон кийин. 7-октябрь, 2012-жыл.
Уго Чавес шайлоодон кийин. 7-октябрь, 2012-жыл.

Венесуэладагы президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчы Уго Чавес кайрадан шайланды.

Оппозиция талапкери шайлоо жыйынтыгын таанып, жеңилгенин моюнга алды. Сырт баяндамачылар болсо шайлоо өлкөгө кандайдыр бир өзгөрүү алып келеби деген суроо коюшууда.

Шайлоо комиссиясынын эсебинде, жекшемби күнү добуш берүүнүн натыйжасында Уго Чавес добуштардын 54% алды. Анын башкы атаандашы, оппозиция талапкери Энрике Каприлести шайлоочулардын 45% колдоду.

Добуш берүүнүн жогорудагыдай жыйынтыгы социалисттик багытты карманган саясатчынын бийликте дагы бир - алты жылдык мөөнөткө калуусуна жол ачууда.

Расмий эсепке караганда, добуш берүүгө Венесуэланын каттоодон өткөн 19 миллион шайлоочусунун 80% ашууну катышты.

Бийликте узак турган президент

Шайлоо жыйынтыгы белгилүү болгон соң өлкө борбору Каракаста миңдеген жактоочулары астында сүйлөп жатып Уго Чавес алдыдагы жылдары мекенинде “социалисттик ыңкылапты” улантууну убада кылды:

- Мен ыраазычылык сөздөрүмдү мага каршы добуш бергендердин бүткүл баарына жолдойм. Боливариан программасына макул эместигиңерге карабай силердин демократиялык талантыңарды, силердин бүгүн көргөзгөн жарандык турумуңарды өзгөчө урматтайм. Мен баарыңарды диалогго, талкууга, Боливариан Венсуэла үчүн биргелешип иштөөгө үндөйм.

Венесуэла президенти мекенинде өзү жүргүзүп жаткан саясатка “Боливариан программасы” деген ат бериши ал 1980-жылдары пикирлештери менен негиздеген кыймылга байланыштуу.

Азыркы шайлоодо 58 жаштагы Уго Чавес менен мурда облустардын биринде губернаторлук кылган 40 жаштагы Энрике Каприлес атаандашты.

Ал шайлоо жыйынтыгы анык болгондон кийинки сөзүндө жеңилгенин моюнга алып, бирок калктын жарымы өлкөдөгү азыркы саясатка макул эместигине көңүл бурду:

- Мен өз куттуктоомду талапкерге, республика президентине жөнөттүм. Мен бул жерден аны куттуктоо менен катар ал элдин бүгүнкү эркин түшүнөрнө үмүттөнөм деп айткым келет. Мен бийликте 14 жылдан бери турган саясий кыймыл өлкөнүн жарымынан көбү алар менен макул эместигин аңдап-билет деп үмүттөнөм. Мен бийликте калгандарды элдин дээрлик жарымын урматтоого, таанууга, көңүл бурууга чакырам.

Өзү бийликке адегенде 1999-жылы келген Уго Чавес буга чейин эле Латын Американын бийликте эң узак турган президенти катары саналу.

Эгер ал эмки алты жылдык мөөнөтүн да акырына чейин иштей алса, Венесуэланы жыйырма жыл башкарган болот жана Латын Американын азыркы тарыхындагы маанилүү фигурага айланат.

Чавестин ырастоосунда, президент катары анын мүдөөсү – калктын жакыр катмарынын жашоо-шартын жакшыртуу. Бул мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн ал радикал реформаларга, анын ичинде кээ бир ишканаларды улутташтырууга барууда.


Чавестин жактоочулары шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин.
Чавестин жактоочулары шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин.
Венесуэла президентинин калктын жакыр бөлүгү арасында кадыр-баркы жогорку экендигин байкоочулар өкмөт соңку жылдары билим берүү, саламаттыктты сактоо программаларына эбегейсиз каражат жумшаганына да байланыштырышат.

Буга өз кезегинде дүйнөлүк базарда мунай баасынын кымбатташы мүмкүнчүлүк берди. Венесуэла дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочуларынын бири.

Айыптоолор

Тышкы саясатта болсо Уго Чавес - Иран, Беларус, Орусия, Кубанын бийликтери менен башкы өнөктөш. Дүйнөдөгү азыркы түзүлүштү ал АКШнын жетегиндеги “империализм” деп, утур-утур сынга алып жүрөт.

Өз кезегинде адам укугун жана жана басма сөз эркиндигин коргоочулар Чавести анын бийлигин сындагандарга каршы репрессиячыл чараларды колдонгону үчүн күнөөлөшөт. Бизнес топтор болсо Чавести инвесторлорду кууганы, ишканаларды улутташтырып, экономиканы артка тартканы үчүн айыпташат.

Венесуэла режиминин сынчылары ошондой эле эле өлкөдө кылмыштуулук, өзгөчө адам өлтүрүү күч экендигин, бюрократия эпсиз чоң, коррупция кеңири жайылганына көңүл бурушат.

Ошондой эле президенттикке кайра шайланган Чавестин саламаттыгы боюнча да суроолор бар. Былтыр ал рак илдетинен улам үч ирет операция болгон. Быйыл июлда дарттан толук айыгып чыккандыгын өзү жарыялаган.

Британдык “Индепендент” басылмасы Венесуэладагы шайлоо жыйынтыгын талдап, өлкөнүн саясий жактан экиге ажыроосу мурдагыдан да күчөгөнүн, шайлоо өзгөрүү жана узак мөнөөттүү туруктулук алып келеби деген суроолордун жообу ачык бойдон калып жатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG