Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:00

Президент Атамбаев Баткен облусун кыдырат


11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунда иш сапары менен болоорун бүгүн өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» билдиришти. Президент иш сапары учурунда 2010-жылы курулушу башталган «Айгүл таш- Самат» жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынын курулушу жана подстанция менен таанышып, аскер бөлүктөрүндө болот. Мындан тышкары облустун уюшулганынын 13 жылыдыгынын урматына бир нече имараттардын ачылуу аземине катышат.

Баткен облусу өлкөдөгү эң жаш облус. Ал 1999-жылы өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган жоочулардын кол салуусунан кийин өлкөнүн түштүк-батыш чегин бекемдөө жана социалдык-экономикалык жактан артта калган бул аймакты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG