Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Ажыга кеткен кыргызстандык каза болду


Ажыга кеткен кыргызстандыктардын бири каза болду. Анын сөөгү Мединага коюлду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

1939-жылы туулган, Баткен облусунун Кадамжай районунун Ормош айылынын тургуну Иса Жолдошев бир аз сыркоолоп, 14-октябрда көз жумган. Ажылык-2012 боюнча республикалык штаб тарабынан зыяратчы аксакалдын туугандарына дароо кабар берилип, алардын уруксатын менен маркумдун жаназасы окулуп, Мадинага коюлду.

Маалым болгондой, Мадина мусулмандар үчүн эң ыйык делген эки шаардын бири болуп эсептелет. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 4,5 миңдей зыяратчы кеткен. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG