Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Орусияда оппозицияга каршы жаңы кылмыш иши ачылды


Сергей Удальцовду үйүнөн суракка алып кетишүүдө. Москва, 17-октябрь, 2012-жыл.
Сергей Удальцовду үйүнөн суракка алып кетишүүдө. Москва, 17-октябрь, 2012-жыл.
Оппозициянын “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцов жана кыймылдын дагы эки активисти Константин Лебедев менен Леонид Развозжаев массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп айыпталышууда. Булардын ичинен Лебедев эки суткага камалды.

Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин түшүндүрмөсүнө караганда, кылмыш иштин козголушуна “Нааразылыктын анатомиясы -2” деп аталган фильмдеги фактылар негиз берди. Фильмди Кремлге ыктаган НТВ телеканалы 5-октябрда обого чыгарган.

Тергөө органдарынын ырастоосунда, Удальцов массалык баш аламандыкты каржылоо маселесин грузин бийлигинин өкүлдөрү менен Минск шаарында талкуулаган.

Кечээги сурактан кийин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат берген Сергей Удальцов ага коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, кылмыш иши козголушун бийликтин өч алуусу катары мүнөздөдү:

- Бүгүн болгон нерсени мен биздин акыркы айлардагы активдүүлүгүбүз, чындыкты айтып жатканыбыз, ууруларды, алдамчыларды сындоодон кайра тартпаганыбыз үчүн өч алуу деп эсептейм. Эгер эми жарандардын баары активдүүлүгүбүздү күчөтпөсөк, биздин акылга сыйбаган жүйөө менен жалгыздан камай беришет.

Сергей Удальцов - Орусиядагы акыркы парламенттик жана президенттик шайлоону коштогон митингдердин, “Миллиондор маршы” деген акциялардын башында тургандардын бири.

XS
SM
MD
LG