Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Өзбекстанда террорчу делген жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
1957-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда туулган Хабибилло Сулейменов "Түркестан ислам кыймылы" уюмуна, террорчулукка тиешеси бар деп эл аралык издөөгө салынган болчу.
Сулейменов кыргыз УКМКсынын тергөө абагына камалды. Учурда аны Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси талкууланып жатат. (RK)