Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Аннан: Сирияга аскерий колдоолор абалды ого бетер курчутат


Кофи Аннан дүйнөлүк державаларды Сирияга аскерий колдоо көрсөтпөөгө үндөдү
Кофи Аннан дүйнөлүк державаларды Сирияга аскерий колдоо көрсөтпөөгө үндөдү
Сирия боюнча мурунку эл аралык чабарман Кофи Аннан дүйнөлүк державаларды, биринчи кезекте АКШ менен Орусияны Сириядагы саясий кризисти жөнгө салууда бир пикирге келүүгө чакырды. Ал бейшемби күнү Вашингтондогу Брукингс институтунда сүйлөгөн сөзүндө жаатташкан тараптарга аскерий колдоо көрсөтүү абалды ого бетер курчутарын эскертти.

Кечээ Сириянын түндүк-батышында өкмөттүк күчтөрдүн абадан урган соккусунан Маарет ал-Нурман шаарында 49 адам набыт болду, алардын 23ү - балдар. Дээрлик он күндөн бери козголоңчулар көзөмөлгө алган бул шаарды армия бери дегенде он ирет бомбалады, анда турак үйлөр менен кошо аялдар жана балдар жашынган мечит талкаланды. Сириялык укук коргоочулардын айтымында бейшемби күнү окко учкандардын саны 135 адамга жетти.

Эл аралык чабарман Лахдар Брахими мусулмандардын алдыдагы ыйык майрамы - Курман айт күндөрү ок атышууну убактылуу токтотуу демилгеси менен ушул ишембиде Дамаскка барат.

XS
SM
MD
LG