Чүй облусунда ушу түнү жол кырсыгында эки адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Cаат 3төн 11 мүнөт өткөндө Кант – 1-Май айылы унаа жолунун 5-чакырымында Nissan маркасындагы S 06 65 I номурлуу жеңил унаа бакты сүзүп алган. Айдоочусу жана ичинде отурган бир адам ошол замат мерт болгон. Токмок шаарынын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды атайын шаймандары менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берди. (RK)