Табигый апааттардын чыгымдарын эсептөөчү Eqecat компаниясынын маалымдашынча, “Сэнди” ураганы АКШ экономикасына келтирген дүң чыгым 30 миллиард доллардан 50 млрд. долларга чейин жетиши мүмкүн.
29-октябрдан тарта АКШнын чыгыш жээгин каптаган бороон-чапкытта 70тей адам өлдү. Нью-Йорк метросу ошондон бери биринчи жолу иштей баштады. Шаардагы үч чоң аэропорттун экөө ачылды. Президент Барак Обама шайлоо өнөктүгүн кайра улантты. Ал Висконсин штатындагы кездешүүдө алааматта америкалыктар бөлүнбөй, чогуу аракеттенгенин белгиледи:
- Акыркы бир нече күндө рухубузду көрсөттүк. Себеби кырсык келгенде Америка мыкты жагын көрсөттү. Күнүмдүк турмуштагы бардык майда-барат айырмачылыктар унутулду. Ураган кезде не демократтар, не республикачылар болбоду. Америкалыктар гана болду.
Барак Обаманын республикачыл атаандашы Митт Ромни да саясий өнөктүктү демдүү жүргүзөрү айтылууда. Америкалыктар жаңы президентти 6-ноябрда шайлашат.