Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

10 жыл көчөгө чыккан эмес...


31-октябрда Москванын Гольяново районунда жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө кулчулукта иштеген адамдар табылды.

Казакстандык жана өзбекстандык кулдарды москвалык ыктыярчы Олег Мельников куткарган. Жалпы жонунан азыр 10 адам табылып, 2 издөөдө. Алардын арасында 4 айлык наристе да бар экен.

Кулга айлангандардын арасында 10 жыл көчөгө чыкпаган аял бар. Дүкөндүн ээлери Орусиянын жарандары, бирок теги казактар.

Учурда кулчулуктан куткарылган адамдарды адвокаттар жана турак жай менен камсыз кылып жаткан Москвадагы Жарандык көмөк комитетинин Эмгек мигранттардын укугун коргоо долбоорунун координатору Анастасия Денисова "Азаттыкка" маек курду.

- Окуяны сүрөттөп берсеңиз, мигранттарды ким, кантип тапты?

- Бир нече бейөкмөт уюмдун ыктыярчылары полициянын функцияларын өздөрүнө алып, ошол дүкөндөн кулдарды чыгарышты. Себеби Гольяново районунун полиция кызматкерлери кулдар кармалган дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп алышкандай.

Ыктыярчылар журналисттер менен чогуу дүкөнгө кирип барышып, ал жакта иштеген жана жертөлөдө жашаган адамдарды табышкан. Арасында балдар да бар экен. Кээ бир адамдар дүкөндүн артынан качып чыгышыптыр, түшүнүксүз жагдайлар көп.

- Сиздерге ким кайрылды?

Анастасия Денисова
Анастасия Денисова
- Бизге профсоюздук уюмдар кайрылды, себеби укуктук жардам керек экен. Азыр 13 адам бар, эки адам табылбай жатат. 4 эркек, 3 наристе, анын ичинде 4 айлык ымыркай жана 6 аял бар. Алар Казакстандын, Өзбекстандын жарандары.

Биздин уюмга 7 арыз түштү, дагы даярдалып жатат. Биз адвокаттар менен камсыз кылдык. Бүгүн тартип коргоо органдарына арыз тапшырылды. Ал арызда бүт кылмыштар жазылган, булар - күч колдонуу менен зордоп иштетүү, зордуктоо, бала сатуу, уруу, кыйноо, айлык төлөбөй иштетүү жана башка кылмыштар.

- Бирок кылмыш иши али козголо элекпи?

- Козголо элек, текшерүү иштери жүрүп жатат.

- Наристелер да жоголуптур, ал боюнча маалыматыңыз барбы?

- Бул өтө чиелешкен окуялардын бири. Кээ бир аялдарды дүкөндүн ээсинин достору зордукташкан, анын жыйынтыгында балдар төрөлгөн. Ал балдар ошол эле дүкөндө жашашкан, айрымдары жогорку кабаттагы үйдө, кээ бирлерин дүкөндүн ээси Казакстанга алып кетип, 2 баланы болсо өлдү деп айтып коюшкан.

- Сиз кулчулуктан куткарылгандарды өз көзүңүз менен көрдүңүзбү? Бир аял 10 жыл көчөгө чыкпаганын жарыялады, ушул чынбы?

- Эң биринчи келген аял 10 жылдан бери ошол жакта экен, айрымдарына 3 ай, кээ бирлерине бир нече жыл болуптур.

- Азыр кандай жардам керек?

- Азыр мигранттарга үй издеп жатабыз. Айрымдардын туугандары келишти, баары эле үйлөрүнө кетүүнү каалап жатышат. Бирок тергөө иштери бүтмөйүнчө алар Орусияда болуп турушу зарыл.


Москвада кулдар куткарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG