Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Британияда сот казак олигархын камоо чечимин күчүндө калтырды


Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов
Британиянын соту казакстандык саясатчы, бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязовду 22 ай түрмөгө камоо тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды. Февралда Англиянын Жогорку соту Аблязовду “сотту урматтабагандыгы” үчүн 22 айга камоо боюнча чечим чыгарган. Аблязов соттун жыйындарына келбей, өзүнүн активдери жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан деп айыпталган эле.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин негизги оппоненттеринин бири Аблязов анын БТА банкына 2009-жылы бийликтер көзөмөлдү күчөтүшкөндө өлкөдөн качып кеткен. Казак бийликтеринин ишениминде, ал өзүнүн банкынан 5 млрд.долларды уурдаган. Казакстандын суранычы боюнча Британия бул ишти азыр иликтеп жатат. Мухтар Аблязов ушул тапта каякта жүргөнү белгисиз.

XS
SM
MD
LG