Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:03

Укук коргоочулар Иран түрмөсүндө ачкачылык жарыялаган аялдардын абалына тынчсызданышууда


“Азаттыктын” иран кызматына Тегерандагы айрым маалымат булактар кабарлашкандай, “Эвин” түрмөсүндө ачкачылык жарыялаган аялдардын сегизи нааразылыгын шейшембиде токтотушту. Алар түрмө кызматкерлерине каршы эми мыйзамдуу аракеттерди көрө турган болушту. Өткөн аптада түрмөдөгү тогуз аял ошол жерде иштеген аскерлер аларды ур-токмокко алып, орой мамиле кылышканына нааразылык иретинде тамактан баш тартышкан. Аялдардын бири ден-соолугу кескин начарлап кеткендиктен, ачкачылыгын бир аз мурдараак токтоткон эле.

Кечээ адам укугун коргоочу “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму ачкачылык кармаган аялдар өлүп калышы мүмкүн экенинен чочулап, аларды нааразылыкты токтотууга чакырган болчу. Бирок камактагы адам укугун коргоочу Насрин Сотоудех ачкачылыкты токтотпой турганын билдирди. Ал 31-октябрда туугандарын аны көрүүгө киргизбей коюшканда, тамактан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG