Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Бишкекте Ош базарын айланта курчаган жол ачылат


Бир нече айдан бери оңдоо иштерине байланыштуу жабылган Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул жана Киев көчөлөрү бүгүн кайрадан жол кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Жолдордун ачылышы менен алар аркылуу жүргөн маршруттук унаалардын да багыттарына бир аз өзгөрүү киргизилди, ал эми муниципалдык автобустар менен троллейбустардын багыттары өзгөргөн жок. Бул боюнча кененирээк маалымат коомчулукка бүгүн, көчөлөрдү кайра ачуу салтанынан кийин берилмекчи.

Ош базарын айланта курчаган жолдор оңдоп-түзөө жана кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн жабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG