Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Сириянын Улуттук кеңеши жаңы лидер шайлады


Жума күнү Катардын баш калаасы Доха шаарында сириялык оппозиционерлердин жолугушуусунда таанымал диссидент, христианин Жорж Сабра Сириянын Улуттук кеңешинин жаңы лидери болуп шайланды.

Сабра жаңы кызматка дайындалаар замат сириялык оппозиция президент Башар ал-Асаддын режими менен кармашуу үчүн курал-жаракка муктаж деп билдирди.

Бүгүн Сириянын Улуттук кеңеши башка сириялык оппозициялык топтор менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сириянын Улуттук кеңешинин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү башка өлкөлөрдө жашагандыктан, эл аралык коомчулук тарабынан уюмдун ишмердүүлүгү майнапсыз деген сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG