Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Сириялык оппозициялык күчтөр Улуттук коалиция түзүүгө макулдашты


Катардын борбору Доха шаарында сириялык оппозициялык топтордун өкүлдөрү кезигип, бириккен орган түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу жабык эшик артында өтүп жаткан конференциянын катышуучуларынан маалым болду. Сириянын сыртында жана өлкө ичинде жашаган оппозициялык топтордун башын бириктирген жаңы орган - Сириялык оппозициялык жана революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясы деп аталат.

Жекшембинин кечинде жаңы уюмдун жетекчиси шайланат.

Буга чейин эмиграциядагы активисттер түптөгөн Сириялык Улуттук кеңеш менен өлкөнүн ичинде башкаруучу режимге каршы кармашып жаткан күчтөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер бардыгы айтылып келген.

Сириялык оппозицияны колдогон тараптар, анын ичинде АКШ жана Катар оппозициялык топторду бириктирүү аракетин көрүүдө. Бул Сириядагы оппозицияны эл аралык коомчулуктун таануусуна, өлкөнүн ичиндеги козголоңчул топтор менен активисттердин ишин координациялоого жана өткөөл өкмөттү түзүүгө даярдык болмокчу.

XS
SM
MD
LG