Тарыхый мааниси зор тасмалар жоголуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордук архивдин кинофотофоно бөлүмүнүн жетекчиси Бегайым Аманканова билдирди. Анын айтымында, аталган бөлүмдө 90 миңден ашуун видео, аудио жана фото документтер сакталуу.
Убакыттын өтүшү менен айрым пленкалар эскирип, аларды заман талабына ылайык санариптик түргө өткөрүү зарылдыгы турат. Тилекке каршы аны жасай турган аппарат жок. Бегайым Аманканова бул тууралуу өкмөт кабардар экенин, бирок маселе күнү бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келатканын кошумчалады.(ST)