Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

ӨКМ кар көчкү коркунучу бар жерлердин картасын жарыялады


Кыргыз Республикасынын аймагындагы бийик тоолуу унаа жолдордун кар көчкү коркунучу бар жерлеринин картасы быйыл да жаңыланып чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Картада көрсөтүлгөн 12 участок бийик тоолуу жана калк көп жүрүүчү унаа жолдор болуп эсептелет.

Андыктан айдоочулар менен жүргүнчүлөр бул картада белгиленген жерлерден өткөндө адистердин кеңешине жана синоптиктердин маалыматына, шашылыш эскертүүлөргө дыкат көңүл буруулары зарыл экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы эскертет.

Абдишарип Бекиловдун айтымында, өткөн кыш-күздө Кыргызстандын аймагында ири делген 81 кар көчкү кырсыгы катталган. Аларда сегиз адам набыт кеткен - бешөө Бишкек - Ош, бирөө Токтогул - Торкен унаа жолдорунда, бир адамдын үйүн кар көчкү басып калып жана дагы бирөө аңчылыкта жүргөндө. (RK)

XS
SM
MD
LG