Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Ошто жашыруун иштеп жаткан эки оюн клубу табылды


Ош шаарында кумар оюндарын интернет аркылуу жашыруун ойнотуп жүргөн
эки клуб табылды. Алар шаардык милиция кызматкерлери тарабынан
аныкталганын ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн «Азаттыкка»
билдирди. Маалыматка ылайык, Курманжан Датка көчөсүнүн 246-үйүнүн
жертөлөсүндө интернет аркылуу кумар ойнотуп жүргөн «Интернет Games»
жана Алишер Навойи көчөсүндөгү борбордук дүкөндүн имаратында «Корона»
деген оюн клубдары 21-ноябрь күнү ачыкталды. Эки клуб тең интернет
кызмат көрсөтүүчү ишкана катары каттоодон өткөнү менен иш жүзүндө
мыйзамсыз оюндарды ойнотуу менен шугулданганы айтылууда. Кылмышка
шектүү катары 25 жана 23 жаштагы айымдар кармалып, ШИИБинин убактылуу
кармоочу жайына камалган. Экөө тең Ош шаарынын тургундары. Учурда
тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумар оюндарына тыюу салынган. (SE)

XS
SM
MD
LG