Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алды. Анда кышында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Министр быйыл электр энергиясын пайдалануу 15 пайызга өскөнүн, ушундан улам ушул тушта Бишкек менен Ош шаарларында трансформаторлор алмаштырылып жатканын маалымдады.
Энергетика тармагындагы мындай проблемалар эки жылдан кийин, “Датка-Кемин” жогорку чыңалууда электр зымы курулуп бүткөн соң толук чечилерин айтты. Атамбаев өз кезегинде былтыркы кыштагы проблемалардын кайра кайталанышына жол бербөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)