Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Орусиянын Челябинск облусундагы түрмөдө козголоң чыкты


Челябинск облусунун Копейск шаарындагы №6 колониясында ишембиде башталган козголоң боюнча ачакей маалыматтар түшүүдө. 250дөй соттолуучу, Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын Челябинск облустук бөлүмүнүн ырастоосунда, түрмө кызматкерлерине баш ийбей абак шартын жакшыртууну жана тартип бузганы үчүн жазалоочу камераларга отургузулган бир нече адамды бошотууну талап кылышкан.

Бирок кагылышуу түрмөнүн сыртында болгондой. Абактагылардын жакындары менен кагылыштан, полициянын ырастоосунда, ОМОНдун кеминде сегиз аскери жаракат алган. Полиция түрмө сыртынан коомдук тартипти бузган 38 киши кармалганын билдирди. Укук коргоочулар болсо түрмөдөгүлөрдүн абак жайдагы кырдаалга нааразылык билдирген туугандарынын бир нечеси токмоктолгонун айтышууда.

Орусия түрмөлөрүндө азыр 700 миңден ашуун киши олтурат. Абактагылардын кармалуу шарттарын жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдар утур-утур сынга алып келишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG