Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

Кыргызстан Кытайдан жол оңдоого 129,8 млн. доллар насыя сурайт


Бүгүн Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети кыргыз өкмөтү менен Кытай банкынын насыя тууралуу макулдашуусунун долбоорун талкуулап жактырды. Ага ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолунун калган бөлүктөрүн оңдоо үчүн 2 пайыз жылдык үстөгү менен 129,8 миллион доллар алат. Карызды төлөө 2020-жылдан башталат.

Бул келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун келерки жыйынында кол коюлуп, Жогорку Кеңеште ратификацияланышы керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG