Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Учкунбек Ташбаев камакка алынды


УКМК бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаев камалганын жарыялады.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Учкунбек Ташбаевди 30-октябрда камакка алганы үч күн өткөн соң гана белгилүү болду.

Ташбаев кандай айыптардын негизинде камалганын УКМКнын маалымат катчысы Нурлан Токталиев “Азаттыкка” айтып берди:

- Учкунбек Ташбаевге Кылмыш кодексининин 305-беренесине ылайык, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 307-берене боюнча “лизениялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланган” деген айыптар тагылып жатат. Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташбаевдин баш коргоо чарасын карап 2 айга, тактап айтканда, 30-январга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМКнын өкүлүнүн маалыматында буга чейин эле тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемалар, “Кыргызалтын” ишканасынын "Макмал", "Солтон-Сары" филиалдарынан алтын уурдалышы, кен байлыктарды сыртка көзөмөлсүз чыгарып кетүү, лицензияларды сатуу боюнча жалпысынан 8 кылмыш иш козголгон. Мына ушул тоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштердин айрымдарына Ташбаевдин катышы бар деп шектелип жатат.

Ташбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов аны УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечими мыйзамсыз деп эсептейт:

- Чынын айтсам, бул ишке жаңы эле киришип, жаңыдан эле тааныша баштадым. Бирок дароо эле Ташбаевдин баш коргоо чарасы мыйзам бузуу менен аныкталганын айткым келет. Тергөө Ташбаевдин өлкөдөн чыгып кетет же тергөөгө өз таасирин тийгизе алат деген сыяктуу эч кандай далил келтирген жок. Анын үстүнө Ташбаевге тагылган айыптар деле анча оор кылмыш катары эсептелбейт. Ал үчүн камакка алууга деле негиз жок болчу. Ошондуктан бүгүн Ташбаевди эки айга тергөө абагына камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрыламын.

Адистер Учкунбек Ташбаевдин камалышын өлкөдөгү кендерди иштетүү үчүн чет өлкөлүк фирмаларга лизенция берүүдөгү мыйзамсыз иштерге байланыштырып жатат. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рысбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти жетектеп турганда келишимдеги милдеттемелерин аткарбаган айрым чет элдик компаниялардын кен иштетүү боюнча лизенцияларын жокко чыгарбай, жең ичинен кайрадан лизенция бергенин депутаттар мурдатан эле көтөрүп келишкен:

- Буга чейин деле биз далай жолу лизенцияны туура эмес, жең ичинен ишти бүтүрүп жатат, мунун баары аукциондун негизинде өтүш керек болчу, лизенциялык келишимдерди аткарбаган айрым компанияларга кайрадан лизенция берип жатат деп айтып келгенбиз. Мисалы, мурдагы жетекчилер учурунда келишим аткарбаганы үчүн жокко чыгарылсын деген көптөгөн келишимдер Ташбаев бул кызматка келгенден тарта кайра бериле баштаган. Анын баары эле коррупциялык схемалар болгон.

Анткен менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс катчысы Наби Эшназаровдун айтымында, кенди иштетүү боюнча лизенция берүүнү атайын комиссия чечкен. Ошондуктан Ташбаев лизенция берүүдө мыйзамсыз иштерге барганына Эшназаров ишенбейт:

- Негизинен лизенция узартуу чечимин кабыл ала турган атайын комиссия бар. Ошолор ар бирин карап чыгып, анан узартуу же узартпоо боюнча чечим кабыл алышат. Мен быйыл жыл башынан бери ал комиссияга мүчө болгон жокмун. Бирок мен билгенден баары мыйзам чегинде эле каралып жаткан. Ошондуктан Ташбаев лизенция берүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп айта албаймын.

35 жаштагы Учкунбек Ташбаев апрель ыңкылабына чейин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикте Максим Бакиевдин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийинки алгачкы коалициялык өкмөттө экономикалык тескөө министри болуп дайындалган. Аны бул кызматка “Республика” фракциясы көрсөткөн. Ал эми быйыл январь айында Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жетекчи болуп дайындалып, сентябр айында Бабановдун өкмөтү отставкага кеткенде кызматынан бошотулган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG