Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Футбол федерациясынын президенти шайланууда


Бишкекте Футбол федерациясынын президентин жана вице-президенттерин шайлоо башталды. Жабык өтүп жаткан бул шайлоого журналисттер катыштырылган жок. Федерациядан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жетекчиликке президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы делген “Футболду өнүктүрүү корунун” жетекчиси Семетей Султановдун талапкерлиги эле көрсөтүлгөн. Шайлоого аз калганда Өмүрбек Кутуев менен Медет Букуев талапкерлигин алып салган.

Футбол федерациясынын президенти, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен. Ошондон бери федерацияны чет жерде туруп башкарып, ФИФА жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG