Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Киото протоколу 2020-жылга чейин узартылды


Катардын баш калаасы Доха шаарында эки жүзгө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышкан конференцияда Киото протоколун 2020-жылга чейин узартуу чечимине келишти. Айлана-чөйрөнү булгаган көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча 1997-жылы кабыл алынган бул эл аралык документтин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын соңунда аяктамак.
Глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн атайын милдеттемелерди койгон Киото протоколунун шарттарын Канада, Жапония, Жаңы Зеландия жана Орусия аткарбай келсе, АКШ ратификациялаган эмес.

Дохадагы конференциянын катышуучулары 2015-жылы жаңы эл аралык келишим кабыл алууга макулдашты. Ал болсо 2020-жылы Киото протоколун алмаштырып, кеңири эл аралык мааниге ээ болот.

XS
SM
MD
LG