Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Египетте бүгүн оппозиция да, бийлик тарапкерлери да митингге чыгат


Дүйшөмбүдө Египеттеги Мамлекеттик башкаруу кеңешинин соттору референдумду көзөмөлдөө чечимин кабыл алышты. Египеттин президенти Мухаммед Мурси жекшемби күнү армияга референдум алдында өкмөттү коргоого алышын буйруган. Жардык армиянын офицерлерине "жарандарды камакка алууга укук берет жана коомдук тартипти коргоо максатында" тургундарды полиция менен кызматташууга милдеттендирет.

Оппозициялык партиялардан жана кыймылдардан куралган Улуттук куткаруу фронту элди референдумга каршы чыгууга үндөөдө. Алар президенттин динчил пикирлештери менен жазылган жаңы Баш мыйзам долбоорунда адам укуктары сакталбай калганын жана референдум өлкөдөгү бөлүнүп-жарылууну гана тереңдетээрин айтууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG