Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Коңшулар менен чек ара тактоодогу жыл жыйынтыгы чыгарылат


Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо багытында быйыл жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, 17-18-декабрда Бишкекке Өзбекстан жана Тажикстан өкүлдөрү келип, жыйындар өтөт. Ал эми жакынкы күндөрү ал өзү Тажикстанга барып эки тараптуу комиссиянын кезектеги сүйлөшүүлөрүнө катышат.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы толук тактала элек. Ал эми Тажикстан менен 971 чакырым чектешип турат, анын 471и талаш жер экени айтылып келет. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG