Пакистандын Сайди Шариф шаарындагы мамлекеттик кыздар коллежинде окуган 150 чамалуу кыз окуу жайга Малала Юсуфзайдын аты берилгенине нааразылык билдиришти.
Коллеждин студенттери тайманбас тынчтык активистинин ысмы коюлган окуу жайга талип экстремисттери кол салышат деп коркушат. Демонстрация алардын талабы Сват провинциясынын өкмөтүнө жеткирилет деп жергиликтүү бийлик убада берген соң таркады.
15 жаштагы Малала Юсуфзай октябрда талиптердин кол салуусунан оор жараат алып, азыр Британияда дарыланууда.
Эр жүрөк кыз 2009-жылы Би-Би-Си радиосунун урду тилиндеги сайтына талиптердин Сват өрөөнүндөгү мыкаачылыктары тууралуу блог жазгандан кийин Пакистанда белгилүү болгон.