Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Орус ТИМ жетекчиси АКШ жарандарынын бала багып алуусун токтотууга каршы


Сергей Лавровдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, АКШ жарандарынын орусиялык балдарды асырап алышына тыюу салуу “туура эмес” кадам.

Орус тышкы иштер министри мындай пикирин Мамлекеттик Дума эртең жогорудагы чара камтылган мыйзам долбоорун экинчи окуудан кароого даярданып жаткан кезде айтты.

Орусиялык балдарды америкалыктардын асырап алуусуна тыюу салуу АКШда кабыл алынган мыйзамга жооп катары сунушталууда.

АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада кол койгон мыйзам адам укуктарын бузууга тиешеси бар делген орусиялыктарга санкция киргизет.

Мыйзам “Магницкий акты” - 2009-жылы түрмөдө каза тапкан, коррупцияга каршы күрөшкөн орусиялык адвокат Сергей Магницкийдин ысымы менен аталган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы буга чейин биринчи окуудан жактырган мыйзам долбоору орусиялыктардын, анын ичинде Орусиядан асыралган балдардын укугун бузду делген америкалыктардын кара тизмесин түзүүнү карайт. (UE)

XS
SM
MD
LG